Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 29-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан боёк (малярдык) цехтен өрт чыкканын кабарлады. Өрттү өчүрүүгө саат 16:50дө жалпы алты бөлүм, автошаты жана штаб тартылган.
Өрттүн эмнеден чыкканы жана жабыркагандар бар-жогу азырынча айтылган жок.
Социалдык тармактарда өрт "Аю гранд" соода үйү тараптан чыкканы тууралуу видеолор тарап жатат. ӨКМ толук маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалады. (КЕ)
Шерине