Абактагы активист Мавлян Аскарбеков эки жылга кесилди. Мындай өкүмдү 29-сентябрда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.
Аскарбеков тергөөчү ага коюлган айыпты далилдей турган толук тергөө жүргүзө албаганын, коюлган берене боюнча айыбы жоктугун айтты.
Судья Темирбек Маматов активистти Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык күнөөлүү деп таап, жалпы тартипте 2 жыл жазасын өтөсүн деди. Ал ошондой эле жаза мөөнөтү Аскарбеков камалган күндөн тартып эсептелинерин айып корутундусун окуп жатып билдирди.
Бул өкүмдұ Аскарбеков өзү күтпөгөнүн, мыйзамсыз экенин айтып, кийинки инстанцияга кайрыларын айтты.
Активистке Фейсбуктагы билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.
Аскарбеков тагылган айыптарды мойнуна албасын билдирип келет.
Ал кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү саясатчы Фейсбуктагы баракчасына өзү тууралуу провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган. (KS/ZKo)
Шерине