Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

30-сентябрдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

30-сентябрга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат.

Күндүз Талас, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +23…+28°
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +21…+26°
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +9…+14°, күндүз +23…+28°
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +20…+25°
  • Нарын облусунда: түнкүсүн +2…+7°, күндүз +20…+25°

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +26…+28° болот.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG