Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Орунбеков таштанды талаасындагы өрт "чагымчыл аракет болушу мүмкүн" экенин айтты

Сүрөт соцтармактан алынды.
Сүрөт соцтармактан алынды.

Бишкектин түндүгүндөгү санитардык таштанды талаасындагы өрт боюнча укук коргоо органдары териштирүү баштады. Бул тууралуу 29-сентябрда "Ынтымак ордонун" маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазып, жарандарды чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырды.

Анын айтымында, өрт полигондун топурак менен жабылып, жашылдандырылган аймагында чыккан:

"Полигондогу өрттү өчүрүп, үстүн топурак менен жаптык дедиңер эле, мына, кайра эле күйүп жатат" деген көрүнүштү атайын жаратып, коомчулукта күмөн саноо пайда кылуу аракетиби? Ансыз да социалдык тармактарда так ушундай суроо коюп видео бөлүшкөндөр дароо чыкты. Ошондуктан, коомчулукка кайрылабыз, мамлекеттин жана коомдун мүлкүнө зыян келтире турган чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырабыз. Алдыда өлкө үчүн маанилүү саясий процесстер турат. Президенттик шайлоо жакындады. Мындай мезгилде ар кандай чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн экенин да эске алуу зарыл".

Орунбеков тергөөнүн жыйынтыгы менен өрттү уюштурууга тиешеси бар адамдар жана алардын максаты тууралуу маалымат берилерин белгиледи.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 28-сентябрдын кечинде, саат 20:30да "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын аймагында өрт чыккан. Көп өтпөй полигондун башка тилкеси өрттөнгөн. Мэрия баштапкы маалыматтарга таянып белгисиз адамдар полигондун төрт тарабынан атайылап өрт койгонун билдирди. Өрт көзөмөлгө алынып, бирок шектүүлөрдү аныктоо мүмкүн болгон эмес. Өрт түнкү саат 2ге чукул толук өчүрүлдү.

Бишкектеги таштанды төгүүчү жай 1978-жылдан бери колдонулуп жаткан жана убагында 400 миң кишилик калкка эсептелген. Азыр шаарда миллиондон ашык киши жашайт.

Полигондогу таштанды күйүп, шаарды кышы-жайы дебей түтүн каптап жатканына нааразылык тынбай айтылып келген.

Кытай өкмөтү менен чогуу таштанды өрттөөчү завод курулуп, ишке киргенден кийин Бишкектин түндүгүндөгү таштанды полигону жабылган. Мэрия полигонду жашылдандыруу иш-чарасынын алкагында 2023-жылы 850 көчөт тиккен. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG