Орусиянын армиясы 29-сентябрга караган түнү дагы Киев шаары жана Киев облусуна чабуул койду. Киевдин мэри Виталий Кличконун билдиришинче, Соломенск районунда ракетанын сыныктары турак үйдүн короосуна түшүп, шаардагы окуу жайдын корпусуна, административдик имараттын инфратүзүмүнө сокку урулду. Ушул эле райондогу эки жер там зыян тартты. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматы эртең менен орус армиясы Голосеев районундагы алты кабаттуу турак үйгө сокку уруп, бир киши жарат алганын кабарлады.
Киев облусунда жер там жана ага кошуна үйдүн чатыры күйдү, эки киши жараат алып ооруканага жеткирилди.
Кличко 28-сентябрдагы чабуул маалында эки киши каза болгонун, 26 адам ар кандай жараат алса, сегизи ооруканага жаткырылганын билдирди.
Одессанын шаардык администрация башчысы Сергей Лысактын билдиришинче, эртең менен жана кечинде Орусия калаанын инфратүзүмүнө чабуул коюп, үч жүк ташуучу автоунаа жок болду. Сегиз машине, имараттар зыян тартты. Облус боюнча сегиз киши жараат алды.
Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү Орусия эки баллистикалык ракета жана 152 дрон менен чабуул жасады. Ракеталар жана 106 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киевдеги соккулар "Фламинго" ракеталарын сактоо үчүн колдонулган деп болжолдонгон локомотив депосуна, ошондой эле "Бимобайл" жана "Парковый" маалымат борборлоруна жана Киев облусундагы "Белогородка" кампа комплексине тийгенин билдирди. Мындан тышкары, Одесса облусунда "Усатово" электр подстанциясы, дрондорду чыгаруучу жай, Измаилдеги порт инфраструктурасы, Одесса портундагы жүк ташуучу кеме жана Одесса портуна бараткан дагы бир жүк ташуучу кеме бутага алынганы айтылды.
Кийинчерээк Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде "Киев-Пассажирский" бекетиндеги депо, ошондой эле бизнес-борборлор жана маалымат борборлору жабыркаганын жазды.
Орусия Киевдеги окуу жайдын корпусуна, турак үйгө сокку урду. Бир нече киши жабыркады
Шерине