Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова коло үчүн күрөшөт, Жанышов финалга чыкты

Мээрим Жуманазарова. Архив сүрөт.

Жапонияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) 30-сентябрда килемге чыгып, Түндүк Кореянын балбаны Сол Гум Пакка жеңилип калды. Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт.

Жуманазарова алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлүн жеңген.

Сол Гум Пак менен болгон кармаш 1:1 эсебинде аяктап, акыркы упай аракети үчүн жеңиш түндүк кореялык спортчуга ыйгарылды.

Кыргызстандык балбан Асан Жанышов (87 кг чейин) финалга чыкты. Ал эми Раззак Бейшекеев менен Мурат Ботоев коло медаль үчүн күч сынашат.

Бул күндөрү Жапонияда XX Азия оюндары өтүп жатат. Анда Кыргызстандан спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу катышууда. Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.

Буга чейин аралаш мушташ өнөрү (ММА) боюнча Дастан Каныбек уулу (60 кг), Ырыскелди Дүйшеев (71 кг) жана Сыймык Жаныбек уулу (77 кг) коло медаль жеңген. Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов күмүш медалга ээ болгон.(КЕ)

Дагы караңыз

Депутат мектептерде акча чогултуу токтобой жатканын айтып чыктыЖапыкеев президенттикке талапкер болуу ниетин билдирдиТрамп Коулду барымтадагылар боюнча АКШнын атайын өкүлү кылып дайындоону сунуштадыБуллинг жана кибербуллинг үчүн жоопкерчилик тууралуу мыйзам коомдук талкууга коюлду