Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова буллинг жана кибербуллинг үчүн өзүнчө административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Депутат буллинг жана кибербуллинг үчүн жоопкерчилик курагын 14 жаштан баштоону сунуштоодо. Мыйзам долбоорунда Укук бузуулар жөнүндө кодекске 102-беренени киргизүү каралган.
Ага ылайык, оор кесепеттерге алып келбеген буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу сунушталууда. Тактап айтканда, буллинг үчүн 5,5 миң сом, ал эми кибербуллинг үчүн 7,5 миң сом айып пул каралган.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексине адамдын укуктарын олуттуу бузууга же ден соолугуна зыян келтирүүгө алып келген системалуу жана атайылап куугунтуктоо үчүн өзүнчө берене киргизүү сунушталууда. Анда жагдайга жараша 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салуу, түзөтүү жумуштарына тартуу же эркинен ажыратуу жазасы каралат.
Ошондой эле буллинг же кибербуллинг аркылуу адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү жана ага көндүрүү боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигин 14 жаштан белгилөө сунушталган.
Учурда Кыргызстанда кылмыш-жаза жоопкерчилигинин жалпы курагы 16 жаш. Ал эми 14 жаштан жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн айрым кылмыштар үчүн гана каралган.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде автор Кыргызстанда азырынча "буллинг" жана "кибербуллинг" түшүнүктөрү мыйзамдык жактан өзүнчө аныкталбаганын белгилейт. Анын пикиринде, кордоо, майда бейбаштык жана башка укук бузуулар боюнча колдонулуп жаткан нормалар үзгүлтүксүз куугунтуктоонун өзгөчөлүктөрүн толук камтыбайт.
Депутат Бурул Аманова кибербуллингге өзгөчө көңүл бурган. Анын айтымында, кибербуллинг узак убакытка созулуп, социалдык тармактар, мессенжерлер жана башка онлайн-платформалар аркылуу көп сандагы адамдарды камтышы мүмкүн. Ал мыйзам долбоорун иштеп чыгууга окуучулардын өлүмү, суицидге барган учурлар жана окуучу кыздын катуу сабалышы себеп болгонун белгилеген.
Кыргызстанда буллингден, мектептеги чоңсунуудан (рэкетчиликтен) улам зомбулукка кабылып каза болгон же өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн учурлары коомчулукта кеңири талкууланып келген көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.
17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон. Тергөөдө кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. кармалып, 17-ноябрга чейин камакка алынган.
18-сентябрда Чаткал районунда 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучуларынын зомбулугунан көз жумган. 17 жаштагы төрт өспүрүм (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармалып, соттун чечими менен 19-ноябрга чейин камакка алынган.
Агартуу министрлиги бул окуяларды иликтөө үчүн укук коргоо органдары менен биргеликте атайын комиссия түзүлүп, иш жүргүзүлүп жатканын билдирген. (ZKo)
Шерине