FlyDubai компаниясы 30-сентябрда учакта болгон окуянын чоо-жайын иликтөө учуруна Израилдин башкалаасы Тель-Авивге каттамдарын убактылуу токтотконун жарыялады.
FZ 1073 каттамындагы окуяга байланыштуу жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, мүмкүн болгон учурда аларга колдоо көрсөтүп, альтернативдүү варианттарды сунуштоо үчүн иш алып барып жатканын билдирген.
30-сентябрда Дубай эл аралык аэропортунан Тель-Авивдин Бен-Гурион эл аралык аэропортун багыт алган учактын учкучтар кабинасында жаңжал чыккан.
FlyDubai компаниясынын билдирүүсүндө, абалды нөөмөттөгү экипаж көзөмөлгө алып, учакты Сауд Арабиясынын Табук аэропортуна ийгиликтүү кондурган. Бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү аман-эсен.
Жүргүнчүлөрдү жана экипажды алмаштыруу үчүн Табукка эки резервдик учак жөнөтүлгөн.
Окуя компаниянын башка пландалган каттамдардын аткарылышына таасирин тийгизбей турганы айтылды.
Учурда окуянын себептери жана ага түрткү болгон жагдайлардын себеби белгисиз. Иликтөө жүрүп жатат. FlyDubai иликтөөнүн жүрүшүнө колдоо көрсөтүп жатканын жана ар кандай, чукул жыйынтыктарды чыгаруу азырынча эрте экенин кошумчалады.
Жүргүнчү учакта экинчи учкуч капитанды бычактап, андан кийин лайнер кескин ылдыйлай баштаган. Израил бийлиги экинчи учкуч учакты атайылап кыйратууга аракет кылганын билдирүүдө. Учакта 174 жүргүнчү болгон. Тель-Авивдин маалыматына караганда, алардын басымдуу бөлүгү Израилдин жарандары. Жарадар болгон капитан кабинанын эшигин ачууга жетишкен. Жүргүнчүлөр жардамга чуркап, экипаж мүчөлөрү менен бирге кабинага кирип, кол салган учкучту кармаганга үлгүрүшкөн.
Нөөмөттөгү учкучтар учакты башкарууну колго алганы айтылды.