Азия оюндары: Шаршенбеков жарым финалга чыкты, Махмудов коло үчүн күрөшөт

Жоламан Шаршенбеков. Архив сүрөт.

Жапонияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Акжол Махмудов (77 кг чейин) алгачкы беттешинде атаандашына утулуп калды. Махмудов азыркы олимпиада чемпиону, жапониялык балбан Нао Кусака менен килемге чыкты. 0:1 эсебинде жапониялык балбан утушка ээ болду. Кусака эки атаандашын жеңгенден кийин, Махмудовго кайра килемге чыгууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Ал жооткотуучу беттеште казакстандык балбан Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде утту. Эми ал коло үчүн беттешет.

Ушул эле күнү кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) кореялык спортчуну, чейрек финалда түркмөнстандык спортчу Азатжан Очиловду 8:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчунун кийинки атаандашы - вьетнамдык балбан Динь Хюи Нгуен.

1-октябрда Үзүр Жусупбеков жана Сезим Жуманазарова беттештерге чыгат.

30-октябрда Кыргызстандык курама командасы үч медал утту.

Кыргызстандык балбан Асан Жанышов (87 кг чейин) күмүш, Раззак Бейшекеев менен кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) коло медал алды.

Азия оюндарынын 11-күнүндө Кыргызстан эки күмүш жана алты коло медалга ээ болду.

Дагы караңыз

Орусиянын ракета жана дрон соккусунан Киевде үч киши каза болду, алардын бири жаш балаМахабат Тажибек кызынын соту эксперттер келбегендиктен кайрадан башка күнгө калды Кыргызстандыктар Беларуста 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат Депутат Жунушбаева жети айда 900дөн ашуун ымыркай чарчап калганын айтты