30-сентябрга караган түнү орус армиясы Киев шаары менен Киев облусуна ракета жана учкучсуз учактар менен чабуул жасады. Облустун Вышгород районунда жеке турак үй кыйрап, бир жаш бала каза болду. Облустук аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченконун айтымында, ошол эле үйдө дагы бир бала жана эки чоң киши жараат алган. Райондогу башка турак үйлөр да зыян тартты.
Буча шаарында үч жеке үй, 11 автоунаа жана кампа имараттары жабыркады. Ошондой эле Буча, Вышгород жана Обухов райондорундагы инфраструктуралык объектилерге зыян келди.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Киев шаарында эки адам каза болуп, төртөө жараат алганын билдирди. Святошин районунда жеке турак үй өрттөнүп, анын айланасындагы он турак жай жабыркаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киевдеги байланыш борбору жана Киев облусундагы аскердик өндүрүштү камсыздаган энергетикалык системанын объектилери бутага алынганын билдирди.
Украинанын Абадан коргонуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия Украинага кемеге каршы жана баллистикалык ракеталар, ошондой эле 188 сокку уруучу дрон менен чабуул койгон. Саат 08:00гө карата украин аскерлери беш баллистикалык ракетаны жана 155 дронду атып түшүргөн.
Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок.
Шерине