Украинанын облустарында жана Киевде электр энергиясы авариялык түрдө өчтү

Киеде жарык өчкөн учур. 2026-жылдын январында тартылган сүрөт

Орусиянын жапырт чабуулдарынан кийин Украинанын Энергетика министрлиги Киевде, Чернигов жана Житомир облустарында электр энергиясына авариялык өчүрүүлөр киргизилгенин билдирди. Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий Орусия өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына системалуу жана масштабдуу соккуларды кайрадан баштаганын жарыялады.

"Жайдан баштап энергетикалык инфратүзумдөргө сокку урулбаган бир дагы күн болгон жок. Бирок ушундай масштабдуу жана комбинацияланган чабуул өткөн жылуулук сезонунан бери боло элек болчу", - деди ал.

Киевден 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Триполье жылуулук электр станциясынын жабдуулары да зыян тартты. Ошондой эле электр берүү линияларына дрон чабуулу тууралуу тартылган видеотасмалар интернетте пайда болду. Украинанын президентинин тышкы кеңешчиси Сергей Бескрестновдун айтымында, Орусия жаңы түрдөгү ок-дарыны биринчи жолу колдонду.

"Бүгүн каршылаш тарап реактивдүү учкучсуз учуучу аппаратта биринчи жолу атайын ок-дарыны - кумулятивдик кесүүчү дүрмөттү (КРСН) колдонду. Ок-дарынын бул түрү жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү мунараларды жана көпүрөлөрдүн металл конструкцияларын талкалоо үчүн атайын иштелип чыккан", - деп жазды ал.

Бескрестновдун божомолунда, Москва жаңы ок-дары менен электр берүү линияларына сокку урууну пландап жатат.

Украинанын энергетикалык объектилерине сокку күздүн алгачкы суук күндөрүнө бир күн калганда жасалды. 1-октябрдын түнү айрым райондордо абанын температурасы 0дөн төмөн болору айтылган.

Дагы караңыз

Кыргызстанда беш жылда 1773 мүлк комплекси мамлекетке алындыДепутат Сурабалдиева кайтарылган мүлктөр менчиктештирилип жатат деп сынга алдыАКШнын Теннесси штатында аялды өлүм жазасына тартуу убактылуу токтотулду FlyDubai учагындагы окуя: Компания Тель-Авивге каттамдарын убактылуу токтотту