Парламентте депутат Сурабалдиева менен Шыкмаматов салык купуялуулугу боюнча кайым айтышты

Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Салык кызматкерлери салык купуялуулугун бузган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу тартиби жаңы мыйзамдан алынып калганын айтып чыкты. Депутат бул тууралуу 1-октябрда парламент отурумунда билдирди. Ал салык кызматкери салык купуялуулугун бузуп, атаандаштык принциптерин бузса, жоопко тартылбай калышы - коррупцияны күчөтөрүн белгиледи.

Депутаттын суроосуна жооп берген салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов купуялуулукту бузган кызматкер сөзсүз жоопкерчиликке тартыларын белгиледи. Шыкмаматов салык кызматкерин мыйзамды бузууга ишкерлер түртүшү ыктымалдыгын айтып, ишкерлердин басымдуу бөлүгү "жалган эсеп-фактураларды" жазышарын белгиледи. Сурабалдиева ишкерлерди шылуундукка айыптабоого чакырып, ошол эле учурда Салык кызматында да жалаң таза адамдар иштеп жатпаганын айтып, ортодо кайым айтышуу орун алды.

Шыкмаматовго вице-спикер эскертүү берип, депутаттарды сыйлоого чакырды. Депутат Сурабалдиева өкмөт мүчөлөрүн депутаттык мандатты сыйлоого чакырды.

"Урматтуу жетекчилер, мандатты сыйлаңыздар. Сиз мамлекеттик кызматтасыздар, этиканы сактаңыздар. Элдин атынан сүйлөөгө эки гана категориянын укугу бар: президент жана депутаттар. Депутаттарды сыйлабасаңыздар, ордуңарга башка сыйлаган адамды жибериңиздер. Бул жакка биз айтышканы келбейбиз. Акыркы беш жылда парламентте улуу трибунада туруп алып, сөгүнгөн кишинин эмнеге апкелгенин баарыбыз көрүп жатабыз. Бул парламент, бул биздин трибунабыз", - деди Сурабалдиева.

Жогорку Кеңеш 1-октябрдагы отурумунда “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун 1-окуудан карап жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

Украинанын облустарында жана Киевде электр энергиясы авариялык түрдө өчтү "Манаска" дилин берген Чокон Валиханов, Артур Хатто жана Карл РайхлАскарбековдун камалышы: Экспертиза эскертүү куралына айландыбы?"Жашым 18-19да дешет экен". Зордуктоону тыюу боюнча депутаттын талаштуу сунушу