Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Полотов кармалды. Бул маалыматты "Азаттыкка" укук коргоо органдарындагы булактар ырастады.
"Азаттыктын" булактары ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча шектелип жатканын билдирди. "Жасалма дипломду пайдалануу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө, өзүнө байланыштуу тараптардын кызыкчылыгында тендерлерди мыйзам бузуу менен өткөрүп, муниципалдык мүлктү жана техниканы мыйзамсыз ээликтен ажыратып, муниципалдык жер тилкелерин төмөндөтүлгөн баада сатып, бюджеттик каражаттарды өзүнө тиешелүү чарбалык субъектилер аркылуу накталай акчага айлантып, мыйзамсыз аракеттерге барган" деп айыпталып жатканы кабарланды.
Мурдараак "Кактус.медиа" Полотов менен чогуу бир катар аткаминер кармалганын жазган. Алардын кармалышы "Кара-Суу" базарындагы абалга байланыштуу болушу ыктымалдыгы болжолдонгон.
Кармалгандардын аты-жөнү, аларга тагылып жаткан айыптар жөнүндө маалымат айтыла элек.
ИИМ азырынча комментарий бере элек.