Миграциядан кайтып келген ишкерлерди салыктан убактылуу бошотуу сунушталды

Кыргызстандын Салык кызматынын башкы имараты

Орусия жана башка чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга кайтып келип, бизнесин жаңы баштаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында салыктан убактылуу бошотуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова парламент отурумунда билдирди.

"Учурда мен "мигрант инвест" деген мыйзам долбоор жазып атам. Сыртта миграцияда жүрүп, Кыргызстанга кайтып келген ишкерлерибизди колдошубуз керек. Аларды колдоо үчүн салык каникулун берип, суммасына жараша жеңилдетилген көмөктөрдү көрсөтсөк", - деди депутат.

Депутаттын сөзүнө Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жооп берип, өзгөртүү сунушталып жаткан мыйзамда Wildberries жана Ozon маркетплейстери аркылуу соода кылган сатуучуларды салыктан толук бошотуу каралганын белгиледи. Ал ошондой эле миграциядан кайтып келген ишкерлерди колдоо үчүн беш жылга чейинки мөөнөткө салык каникулун берсе болорун айтты.

Дагы бир депутат Махабат Мавлянова жергиликтүү инвесторлорду колдоо аксап жатканын айтты. Ал кыргызстандык ишкер акча жумшап, иш баштоо үчүн жер алуу мүмкүн эмес экенин, ошол эле учурда чет элдик инвесторго жер оңой берилип жатканын белгиледи. Депутат ошондой эле бир катар жаңы ачылган ишканалардын иш баштоосуна шарт түзүлбөй, суу, электр энергиясы жана башка шарттар менен камсыздоо жолго коюлбай жатканын айтты.

Жогорку Кеңеш 1-октябрдагы отурумунда “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун 1-окууда карап жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

КМШ өлкөлөрү экстремизм тууралуу маалымат алмашууну макулдаштыПарламентте депутат Сурабалдиева менен Шыкмаматов салык купуялуулугу боюнча кайым айтыштыУкраинанын облустарында жана Киевде электр энергиясы авариялык түрдө өчтү "Манаска" дилин берген Чокон Валиханов, Артур Хатто жана Карл РайхлКыргызстанда беш жылда 1773 мүлк комплекси мамлекетке алынды