Францияда окуучулар мектеп шартын жакшыртууну, мугалимдерди көбөйтүүнү талап кылууда

Париждеги лицейлердин бириндеги нааразылык акциясы. 2-октябрь 2026-жыл

Францияда жогорку класстын окуучуларынын нааразылык акциялары күчөп жатат. Бир нече күндөн бери алар жүздөгөн лицейдин, мектептердин кире бериштерин бууп, билим берүү шарттарын жакшыртууну, мугалимдердин санын көбөйтүүнү жана билим берүү тармагына кошумча каражат бөлүүнү талап кылууда.

Сентябрдын аягында Париж аймагында башталган акциялар бара-бара Франциянын башка аймактарына да жайылды. 1-октябрда нааразылыкка университеттердин студенттери да кошулуп, бир катар жогорку окуу жайларын бөгөттөштү.

Окуучулар класстарда балдардын саны өтө көп, мугалимдер жана башка кызматкерлер жетишсиз, айрым мектептердин имараттары начар абалда экенин айтып жатышат.

Акыркы күндөрү жаштардын акциялары айрым жерлерде полиция менен кагылышууга чейин жетти.

Париждин жанындагы Сен-Дени жана башка конуштарда полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Обервильеде мектептердин алдында таштанды челектери өрттөлдү. Нант шаарындагы Нельсон Мандела атындагы лицейде өрт чыгып, имараттын сырткы бөлүгү зыян тартты. Мектеп жетекчилиги өрт атайылап коюлганын билдирген, бирок аны ким уюштурганы такталган эмес.

1-октябрдагы акциялардын жүрүшүндө 1 949 адам кармалганы кабарланган. Алардын көбү бийлик өкүлдөрүнө каршы аракеттерге, зомбулукка шектелүүдө.

Маалыматтарга караганда, окуучулардын, мектеп жетекчилеринин, полициянын арасында жабыркагандар бар.

Кырдаалга байланыштуу 2-октябрда Францияда 400дөн ашык лицей жабык болду.

Билим берүү министри Эдуар Жеффре нааразылык акциялары башында «мыйзамдуу талаптарга негизделгенин» моюнга алды. Бирок, анын айтымында, кийин айрым жерлерде зомбулукка айланды.

Министр радикал солчул топторду окуучуларды өз максаттары үчүн пайдаланууга аракет кылып жатат деп айыптады.

Премьер-министр Себастьен Лекорню 1-октябрда кырдаал боюнча кризистик жыйын өткөрдү.

Бирок окуучуларды колдогон айрым ата-энелер полициянын аракеттерин да сынга алып жатышат.

Дагы караңыз

Кара-Сууда шаардык кеңеш төрагасы мыйзамсыз жер сатууга шектелүүдөУкраинадагы согушта каза тапкан орусиялык аскерлердин кеминде 260 миңинин тек-жайы аныкталдыСот Мавлян Аскарбековду эки жылга кести, өзү айыбы жок экенин кайталады