Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Украинадагы согушта каза тапкан орусиялык аскерлердин кеминде 260 миңинин тек-жайы аныкталды

Орус аскеринин формасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орус аскеринин формасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Би-би-си орус кызматынын жана "Медиазона" басылмасынын журналисттери Украинага каршы согуш башталгандан бери каза болгон орусиялык аскерлердин кеминде 266 032синин аты-жөнүн аныктап чыгышты. Журналисттер жана аларга жардам берген ыктыярчылар маалыматтарды ачык булактарга, туугандарынан алган маалыматтарга жана соттун чечимдерине таянып аныкташты.

Бул жолку тизмени талдоо көрсөткөндөй, 2025-2026-жылы каза болгон аскерлердин сөөгүн алып чыгуу узакка созулуп, орточо эсеп менен согуш талаасында каза болгондон 150 күн өткөндөн кийин табылган. Ал эми өлгөнүн расмий тастыктоо процесси андан да көп убакытты, орточо эсеп менен 236 күндү талап кылган.

Бир айдын ичинде маалымат базасына курман болгон 22 358 орус жоокеринин ысымы кошулду. Журналисттердин айтымында, мындай олуттуу өсүш фронттогу кырдаал менен түздөн-түз байланыштуу эмес.

Тизмеге жакында кошулгандардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 18 657си каза болуп, бирок узак убактан бери дайынсыз болуп жаткандар. Алардын сөөгүн 2025-2026-жылдар аралыгында издөө топтору тапкан. Бул аскерлердин айрымдары 2022-жылы эле согуш талаасында өлгөндөр, бирок көбү 2025-жылы каза табышкан.

Изилдөөчүлөр Орусия тараптын чыныгы жоготуулары келтирилген сандан кыйла көп болушу мүмкүн экенин белгилешет. Эксперттер журналисттердин маалыматтары согушта каза болгон орусиялык аскерлердин жалпы санынын болжол менен 45-65 пайызын гана камтышы мүмкүн деп эсептешет.

Би-Би-Си, "Медиазона" жана ыктыярчылар тобу 22-сентябрда жарыялаган маалыматында Украинага каршы согуш башталгандан бери каза болгон кеминде 258 989 орус аскеринин аты-жөнүн аныкташкан.

Орусиянын бийлиги аскердик жоготуулар боюнча расмий статистиканы жарыялабайт.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Ошол эле жылы күзүндө жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыяланган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG