Ош–Бишкек унаа жолунун 444-чакырымындагы жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетти. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, күйүүчү май ташыган DAF үлгүсүндөгү унаа менен Honda Stepwgn кагылышып, аларды артта келаткан Hyundai Sonata дагы сүзүп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен өзбекстандык төрт киши каза болду.
Дагы төртөө түрдүү жараат менен Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жаткырылды. Алардын экөө Ноокат районунун тургундары, экөө Өзбекстандын жарандары экени айтылды.
Кырсык 1-октябрда эртең менен болгон.
Ушул учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолорго кар жаай турганын эскертүүдө. Маалыматка караганда, Бишкек–Ош унаа жолунда Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап, шамал болууда. Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга Бишкек–Ош унаа жолунда жүрүүдө бардык коопсуздук эрежелерин так сактоого, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырууда.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда быйыл январь-июль айларында жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Анын ичинде Чүй облусунда 99, Ош облусунда 75, Ысык-Көлдө 70 кишинин өмүрү кыйылды. Калган облустарда 10-60 адамдан курмандыктар бар.
2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң адам ар кандай жараат алган. (КЕ)
Шерине