Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Украина согушта биринчи жолу "Пеликан" баллистикалык ракетасын колдонду

FP-7 баллистикалык ракетасы
FP-7 баллистикалык ракетасы

Украинанын армиясы жергиликтүү өндүрүштөн чыккан FP-7 жаңы баллистикалык ракетасын биринчи жолу согуш шартында колдонду. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram каналына жазып, ракетанын учурулган видеосун жарыялады.

FP-7 ракетасы «Пеликан» деген ат менен да белгилүү. Аны украиналык Fire Point коргонуу компаниясы иштеп чыккан. Компаниянын маалыматына караганда, «Пеликан» 150 килограммга чейинки жүк көтөрүп, 200 чакырымга чейинки аралыктагы бутаны жок кыла алат. Максималдуу ылдамдыгы секундасына 1500 метрди түзөт.

Fire Point компаниясынын конструктору Денис Штилерман Reuters агенттигине курган маегинде ракета америкалык ATACMS ракетасына окшош экенин белгилеген.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, ракета жердеги платформага орнотулган система аркылуу учурулат.

20-сентябрда Украинанын армиясы Москвага жана Москва облусуна сокку урганда Зеленский «Пеликан» колдонулганын билдирген. Бирок кийинчерээк ал ракета эмес, дрон тууралуу сөз кылганы белгилүү болгон.

Сентябрдын башында Польшада өткөн MSPO 2026 коргонуу көргөзмөсүндө Fire Point компаниясынын башкы директору Ирина Терех FP-7 ракетасы сыноолордон ийгиликтүү өткөнүн жана анын согуштук сыноолору «жакынкы апталарда» өткөрүлөрүн билдирген.

Терех ошондой эле учуу аралыгы 850 чакырымга чейин жеткен жана согуштук бөлүгүнүн салмагы 800 килограммга чейин болгон жаңы FP-9 ракетасы ушул күздө согуш шартында колдонууга даяр болорун кошумчалаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG