Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Орусия Киевдин Түштүк көпүрөсүнө бир суткада үч жолу чабуул жасады

Киевдеги Днепр аркылуу өткөн көпүрө. Архив.
Киевдеги Днепр аркылуу өткөн көпүрө. Архив.

Орусиянын армиясы 1-октябрда Киевдин Түштүк көпүрөсүн үч жолу аткылады. Биринчи чабуул 1-октябрга караган түнү болду. "Шахед" үлгүсүндөгү эки дрон поезд өтүп бараткан учурда көпүрөнүн тирөөч түзүмүнүн жанында жарылды. Жабыркагандар болгон жок жана ал аркылуу өтүүчү транспорт кыймылы тез арада калыбына келтирилди.

Экинчи сокку күндүз жасалып, дрон көпүрөнүн жол бөлүгүнө тийди. Олуттуу зыян келтирилген жок.

Үчүнчү чабуул кечинде жасалып, ал кыйла катуу зыян алып келди. Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, көпүрөнүн тирөөчү, тосмосу, жол бөлүгү, рельстер жана бетон тосмолору зыянга учурады.

Түштүк көпүрө - Киевдеги эң маанилүү көпүрөлөрдүн бири. Ал Днепр дарыясынын оң жана сол жээктерин байланыштырып турат. Узундугу 1,5 чакырымды түзөт. Автоунаа жолунан тышкары бул көпүрө аркылуу Киев метросунун линиясы да өтөт.

Учурда каттам, жер үстүндөгү транспорттун да, метро поезддеринин да кыймылы токтотулуп, метро линиясынын электр энергиясы өчүрүлдү.

Орусиянын аскерлери акыркы убактарда Киевге күн сайын сокку уруп жатат. Жарандык объектилерге, анын ичинде май куюучу жайлар, маалымат борборлору, транспорттук инфраструктура, кампалар жана турак жайлар бутага алынууда. Соккулар күндүз да жасалууда.

Орусия соңку чабуулдар тууралуу комментарий бере элек.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG