Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Орус чек арачылары Швециядан Эстонияга бараткан кемени кармашты

Фин булуңу
Фин булуңу

Орусиялык чек арачылар Фин булуңунда Кипрдин желеги астында бараткан жүк ташуучу кемени кармашты. Кеме эмнеге кармалган себеби азырынча белгисиз.

Эстониянын улуттук ERR телеканалы кабарлагандай, Västerbotten жүк ташуучу кемеси Швециянын түштүгүндөгү Менстерос портунан Эстониянын Силламяэ портуна бараткан. Каттамдын бир бөлүгү Орусиянын аймагына кирген суулары аркылуу өтөт. Бул соода кемелеринин транзиттик өтүүсүнө байланыштуу Эстония, Финляндия жана Орусиянын ортосундагы үч тараптуу макулдашуунун негизинде ишке ашып келген.

Ошого карабастан Орусиянын чек ара кызматы өз аймагындагы суулардан Västerbotten кемесин токтоткон.

Эстониянын транспорт башкармалыгынын кеме башкаруу бөлүмүнүн башчысы Аре Пиел бир нече сааттык текшерүүдөн кийин кемеге сапарын улантууга уруксат берилгенин Postimees басылмасына айтты. Мониторинг кызматтарынын маалыматы боюнча, Västerbotten кемеси Финляндия булуңундагы Орусиянын аймагындагы сууда токтоп турат. Орусиянын бийлиги жүк ташуучу кеменин кармалышынын себептерин ачыкка чыгара элек.

ERR кошумчалагандай, Эстониянын транспорт башкармалыгы Финляндия булуңундагы стандарттуу жүк ташуу маршрутун өзгөртүүнү чечип, кемелерге Орусиянын сууларын айланып өтүп, бир аз ыңгайсыз болгонуна карабай анын ордуна Эстониянын аймактык суулары аркылуу өтүүнү буйруган.

2025-жылы май айында Орусия Фин булуңунан Силламяэ портунан жол тарткан Green Admire танкерин токтоткон.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG