Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Мэрия Бишкекте 5-октябрда мекемелер онлайн иштей турган себебин түшүндүрдү

"Бишкек Арена" жаңы стадиону. Бишкек. 22-август, 2026-жыл
"Бишкек Арена" жаңы стадиону. Бишкек. 22-август, 2026-жыл

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 5-октябрда мамлекеттик мекемелердин онлайн форматка өтүүсүнүн себебин түшүндүрдү. Ал Бишкекте өткөн жыйындардын биринде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай чара жол тыгындарын азайтуу жана шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо максатында көрүлгөнүн айтты.

Мэрдин айтымында, 65 миңдей адам катыша турган иш-чара шаар үчүн да жаңы тажрыйба болуп саналат. Ушундан улам тиешелүү мекемелердин ишин убактылуу аралыктан уюштуруу чечими кабыл алынган.

Мугалимдер күнүнө жана "Бишкек Арена" улуттук стадионунун салтанаттуу ачылышына байланыштуу 5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле билим берүү уюмдарынын кызматкерлери онлайн форматта иштешет.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол койгон. Министрлер кабинети да мамлекеттик мекемелерди, министрликтерди, бюджеттик жана билим берүү уюмдарын онлайн форматка өткөрүү тууралуу токтом кабыл алган.

Стадиондун ачылышына 65 миңдей адам катышары күтүлүүдө. Ушундан улам шаардагы унаа агымы көбөйүп, жол тыгындары күчөшү мүмкүн экени белгиленди.

Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземинин алкагында майрамдык программа уюштурулат. Шаар тургундары жана коноктору стадионго ыңгайлуу жетиши үчүн Бишкектин он жеринен автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин акысыз каттайт.

Социалдык тармактардагы айрым колдонуучулар салтанаттуу иш-чараларга байланыштуу мектептерди онлайн окууга өткөрүү жана каникулду узартуу чечимдерин сынга алууда.

Быйыл сентябрдын башында Кыргызстанда ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөнүнө байланыштуу окуу жылы 15-сентябрда башталган.

Бишкектин четиндеги Орок айылында жайгашкан "Бишкек Арена" стадиону 386 миллион долларга курулганы, ал 51 миң орунга эсептелгени маалымдалган. (КЕ)



Шерине

​
XS
SM
MD
LG