Соң-Көлдө эки чет өлкөлүк жарандын өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат. Бул тууралуу 2-октябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 22-сентябрда саат 07:55 чамасында Кочкор районундагы Соң-Көл жайлоосунда эки чет өлкөлүк жаран каза болгондугу тууралуу кабар түшкөн.
Баштапкы маалыматка караганда, 21-сентябрда эс алуу жайына келген чет өлкөлүк жарандар газ менен иштеген жылыткыч колдонуп, уктап калганы аныкталган.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү кароо жана экспертизалар дайындалган. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Социалдык түйүндөрдө каза тапкан эки киши 53 жана 57 жаштагы жапон жарандары болгон деген баштапкы маалымат тарады.