Тажикстанда биринчи жолу эки жашар балага боордун бир бөлүгүн ооштуруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги 1-октябрда билдирди.
Операция Трансплантация боюнча улуттук илимий борбордо жасалды. Тубаса өт оорусунан жабыркаган баланын салмагы сегиз килограмм болгон. Курсак көңдөйүнөн бир литрге жакын суюктук алынгандан кийин анын салмагы жети килограммга түшкөн.
Дарыгерлердин айтымында, салмагы сегиз килограммга жетпеген балдарга мындай операция жасоо техникалык жактан өтө татаал. Анткени ооштурулган боордун бөлүгүн кан менен камсыз кылган кан тамырлар өтө кууш болот.
Боор трансплантациясы бөлүмүнүн башчысы Фаррухрузи Насруллозода борбордо орган ооштурууга муктаж болгон бейтаптардын 90–95% чоңдор, 5–10% гана балдар түзөрүн билдирди.
Тажикстандын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги тирүү донордон бейтапка боордун бир бөлүгүн ооштуруу дүйнөлүк медицинадагы эң татаал операциялардын бири экенин белгилейт.