Өзбекстандын президентинин тун кызы жана администрация жетекчиси Саида Мирзиёева 2-октябрда социалдык тармактардагы баракчаларында Дональд Трамп менен жолугушканын билдирип, АКШ президенти менен түшкөн сүрөтүн тиркеди.
Ал X социалдык тармагындагы баракчасына АКШ лидери менен жолугушуу жана аңгемелешүү ага сыймык тартуулаганын жазды.
АКШ президенти менен жолугушканы тууралуу Мирзиёева өзүнүн Telegram-каналында да билдирип, атасы, президент Шавкат Мирзиёевдин каалоо-тилектерин Дональд Трампка жеткиргенин кыскача белгилеген.
Кабарда жолугушуунун өткөн күнү жана орду көрсөтүлгөн эмес. Ак үй дагы Мирзиёеванын Трамп менен жолугушуусу тууралуу эч кандай маалымат жарыялаган жок. Саида Мирзиёеванын президент Дональд Трамп менен жолугушуусу тууралуу билдирүү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен америкалык бизнес-делегациянын октябрь айынын ортосуна пландаштырылган Самаркандга сапарынын алдында пайда болду.
Рубио Мамлекеттик департаменттин башчысы катары Борбор Азияга биринчи жолу келгени турат.
Самаркандда Өзбекстан АКШга жеке капиталды тартуу, өз ара сооданы кеңейтүү жана технологиялык модернизациялоо үчүн конкреттүү долбоорлорду сунуштоого даярданууда.
Саида Мирзиёева Америка-Өзбек ишкердик жана инвестициялык кеңешинин теңтөрайымы. АКШ тараптан бул кеңешти Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүл Сержио Гор жетектейт.
Сентябрь айында Мирзиёева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясына байланыштуу Нью-Йоркко барган. 23-сентябрда ал Өзбекстандын атынан жалпы дебаттарда сөз сүйлөгөн.
Саида Мирзиёева өткөн жылдын июнь айынан бери атасынын администрациясын жетектеп келет жана акыркы убакта жаңы кеңири ыйгарым укуктарга ээ болуу менен өзүнүн саясий позициясын олуттуу түрдө чыңдай алды. Көптөгөн эксперттер аны келечекте мамлекет башчысы кызматына потенциалдуу талапкер катары карашат.