Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:17

СССР куларга жакын элди экран аркылуу "дарылаган" Кашпировский каза болду

Анатолий Кашпировский Кировоград шаарында. 2011-жыл.
Анатолий Кашпировский Кировоград шаарында. 2011-жыл.

Теле аркылуу гипноз жүргүзгөн Анатолий Кашпировский 87 жашында каза болду. "Свобода" радиосу анын дүйнөдөн өткөнүн теле алып баруучу Андрей Малахов кабарлаганын, маалыматты РИА "Новости" агенттигине Кашпировскийдин директору да ырастаганын жазды.

Кашпировский СССРде 1980-жылдардын аягында таанымал болгон. 1989-жылы Борбордук телеканал анын сеанстарын көрсөтө баштаган.

Көрүүчүлөрдүн саламаттыгына аралыктан таасир эте аларын айткан Кашпировскийдин билдирүүлөрү миллиондогон көрүүчү топтогон.

Концерттик залдарда жана стадиондордо сеанстарын өткөрүп турган бул адамдын ыкмасынын таасири жок экенин айткан илимпоздор менен дарыгерлер бир нече ирет сынга алышкан.

Анатолий Кашпировский 1939-жылдын 11-августунда Украин ССРинин Каменец-Подольск облусундагы (азыркы Украинанын аймагы) Ставница айылында туулган. 1962-жылы Винница медициналык институтун аяктап, бул шаардагы Александр Ющенко атындагы психиатриялык ооруканада психотерапевт болуп иштеген. Гипнозду изилдеген.

1987-жылы СССРдин оор атлетика боюнча курама командасынын психотерапевти болгон, 1988–1989-жылдары Киевдеги Республикалык психотерапия борборун жетектеген.

1989-жылы Борбордук телеканал анын "ден соолук сеанстарынын" түрмөгүн көрсөткөн, анда ал көрүүчүлөрдүн абалына аралыктан таасир этип, түрдүү ооруларды айыктырууга жөндөмдүү экенин айткан.

1993-жылы Кашпировский ЛДПР партиясынан Мамлекеттик Думанын биринчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 1995-жылы Будённовскиде барымтага алуу учурунда командир Шамиль Басаев менен сүйлөшүүлөргө катышып, аны гипноздоого аракет кылып, андан майнап чыккан эмес.

1990-жылдардын ортосунда Кашпировский АКШга көчүп кетип, ал жакта да негизинен орус тилдүү аудитория үчүн сеанстарды өткөрүүнү уланткан.

Кийинки жылдары Кашпировский мезгил-мезгили менен Орусиянын аймактарын кыдырып турган.

2006-жылы мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк жүргүзгөнү үчүн күнөөлүү деп табылган. 2011-жылы Жалпы орусиялык мамлекеттик телерадио компаниясы жана Орусиянын Коргоо министрлигинин башкы психиатры Владислав Шамрей менен соттошкон.

Кашпировскийди кенемте төлөөгө милдеттендирген соттун алгачкы өкүмүн Москва шаардык соту жокко чыгарган.

2015-жылы Кашпировский Пермь крайынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Александр Телепнёвдун доосу боюнча дагы соттук териштирүүгө катышкан.

Телепнёв "айыктыруучунун" "талаштуу ишмердүүлүгүн" текшерүүнү суранган. 2016-жылы сот Кашпировскийден айыптоолорду алып салган. 2020-жылдан бери Кашпировский өзүнүн YouTube-каналында "сеанстарды" өткөрүп келген.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG