Шакиранын гонорарына мамлекет бир да сом сарптабайт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев "Кабар" агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Туманбаевдин белгилешинче, концертти жеке уюм уюштуруп жатат. Стадион мамлекетке карагандыктан концерт учурунда коопсуздук жана уюштуруу маселелери көзөмөлдө болот.
"Шакиранын гонорары үчүн мамлекет бир да сом, бир да тыйын төлөбөйт. Биздин максат билет сатып акча табуу эмес, туризмди өнүктүрүү. Кыргызстанга келген адам бир нече күнгө калып, мейманканаларда, ресторандарда акча сарптап, транспортко түшөт. Шакиранын бизге келиши өлкөбүзгө көңүл бурдуруп, туристтик дараметибизди көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деди Туманбаев.
Анын айтымында, иш-чараларды өткөрүү үчүн стадионду ижарага алуу тарифтери бекитилген, түшкөн каражат имаратка, анын кызматкерлеринин айлык акысына жумшалат.
Иш башкармалыктын маалыматында, концертке коңшу мамлекеттерди, Европа, Америка өлкөлөрүн жана Сингапурду кошкондо болжол менен 32 мамлекеттен адамдар билет сатып алган.
Туманбаев стадион курулгандан бери башка дагы белгилүү ырчылар Кыргызстанга келүүгө кызыгып жатканын кошумчалады.
Колумбиялык белгилүү ырчы жана бийчи Шакира Бишкекте 18-октябрда концерт берет. Бул анын Борбор Азия чөлкөмүндөгү алгачкы концерти болмокчу.
- Иш башкармалыкка караштуу 51 миң орундуу "Бишкек Арена" стадионунун ачылышы 5-октябрда өтөт. Бишкек мэриясы бул күнү жол тыгындары жаралбашы үчүн борбордогу мектептер, окуу жайлар, бала бакчалар, ишканалар, мекемелер жана министрликтер онлайн форматта иштей турганын билдирди.
- 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөн стадион Бишкектин четиндеги Орок айылында жайгашкан. Анын курулушуна президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда капсула салган. Быйыл стадион 60 миң долларга курулганы тууралуу кеп тарап, кийинчерээк президенттин маалымат катчысы 386 млн долларга курулганын тактаган.(ST)
Шерине