БАЭ FlyDubai учагындагы окуяны “террордук чабуул аракети” деп атады

Учак Бен Гургон аэропортуна конгондон кийин. Израил. 30-сентябрь, 2026-жыл.

Дубайдан Тель-Авивге учкан FlyDubai учагындагы окуя боюнча жүргүзүлгөн иликтөө террордук чабуул жасоо аракети болгонун көрсөткөн.

Бул тууралуу Бириккен Араб Эмирликтеринин Башкы прокуратурасы билдирди.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, учуу учурунда экинчи пилот учактын командири, Индиянын жараны Смит Маччхарга авариялык балта менен кол салып, учакты башкарууну колго алууга аракет кылган. Прокуратура окуяны террордук чабуулду пландоо жана аны жасоого аракет катары квалификациялоодо.
Тергөө кол салган адамдын жүйөлөрүн жана анын мүмкүн болгон байланыштарын аныктап жатат. Ошондой эле далилдер изилденип, техникалык экспертизалар жүргүзүлүүдө. Иликтөөнүн акыркы жыйынтыгы бардык аракеттер аяктагандан кийин жарыяланат.

ABC News маалымдагандай, кол салган адам — Омандын 29 жаштагы жараны Хамам Аль-Хаммами. Ал 2024-жылы Oman Air авиакомпаниясында экинчи пилот катары тажрыйбадан өткөн. Бирок андан "экстремисттик мүнөздөгү материалдар" табылгандан кийин учуулардан четтетилген. Ошол эле учурда ага компанияда административдик кызматта иштөөсүн улантууга уруксат берилгенин "Свобода" жазды.

Кийин шектүү Royal Air Maroc авиакомпаниясында иштеп, сегиз ай мурун FlyDubai компаниясына жумушка орношкон. Экстремисттик материалдар табылгандан кийин анын кайрадан учууга кантип уруксат алганы жана Израилге багыт алган рейстин экинчи пилоту болуп калганы азырынча белгисиз.

Маалыматтарга караганда, шектүү тергөө менен кызматташууда. Ал учакты Израилдин аймагында кыйратууну көздөгөнүн билдирген.

Окуя 30-сентябрдын таңында FlyDubai компаниясынын Boeing 737 учагында, Дубайдан Тель-Авивге багыт алган FZ1073 рейсинде болгон. Учакта 174 жүргүнчү (27си балдар) болгон. Учак адегенде жалпы өзгөчө кырдаал сигналын - 7700, андан кийин аба кемесин башкарууга мыйзамсыз кийлигишүү болгонун билдирген 7500 кодун берген.

Бир нече секунддун ичинде лайнер төрт чакырымдан ашык бийиктигин жоготкон.
Катуу жаракат алганына карабастан, учактын командири кабинасынын эшигин ачкан. Жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү кол салган адамды зыянсыздандырышкан. Андан кийин бортто резервдик экипаж катары учуп бараткан FlyDubai компаниясынын дагы эки пилоту учакты башкарууну колго алып, аны Сауд Арабиясынын Табук шаарындагы аэропортко кондурушкан.

Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кол салган адам учакты кыйратууну көздөгөн болушу мүмкүн экенин билдирген. Израил бийлиги окуяны "жихадчыл террордук акт" деп атаган.

Дагы караңыз

Саида Мирзиёева АКШ президенти Дональд Трамп менен жолуктуЛатвиянын ИИМи өзбекстандык жарандарга виза берүүнү чектөөнү сунуштадыТарыхый эс тутумга салым кошкон үч инсанга "Эсимде" сыйлыгы ыйгарылдыДепутат Кыргызстан жылына 10 млн долларга тоңдурулган картөшкөнү сырттан аларын айттыСССР куларга жакын элди экран аркылуу "дарылаган" Кашпировский каза болду