Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлүүдө

Нарындагы "О" уюлдук операторунун кулап калган радиолейлелик антеннасы. 4-июль, 2026-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлүп жатканын шашылыш эскертти.

Мекеменин маалыматына караганда, 4-октябрда жакынкы бир сааттын ичинде жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон катуу шамал күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши мүмкүн.

Министрлик калкты тийиштүү чараларды көрүп, сак болууга чакырды.

Кыргызстанда катуу шамалдан үйлөрдүн чатырлары учуп, бак-дарактар кулаган учурлар көп катталган. Июль айында Нарында болгон катуу шамалда "О" уюлдук операторунун радиолейлелик антеннасы кулап, интернет үзгүлтүккө учураган.

Июндун аягында Баткенде катуу шамалдан улам айрым жерлерде бак дарактар сынып, электр чубалгылары үзүлгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Одессадагы портто Либериянын желеги менен жүргөн кемеге сокку урулду. Бир адам каза болуп, үчөө жараат алдыБАЭ FlyDubai учагындагы окуяны “террордук чабуул аракети” деп атады Латвиянын ИИМи өзбекстандык жарандарга виза берүүнү чектөөнү сунуштадыТарыхый эс тутумга салым кошкон үч инсанга "Эсимде" сыйлыгы ыйгарылдыДепутат Кыргызстан жылына 10 млн долларга тоңдурулган картөшкөнү сырттан аларын айтты