Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

Одессадагы портто Либериянын желеги менен жүргөн кемеге сокку урулду. Бир адам каза болуп, үчөө жараат алды

Одессадагы порт. Иллюстрациялык сүрөт.
Одессадагы порт. Иллюстрациялык сүрөт.

3-октябрда орус аскерлери Украинанын Одесса облусундагы порттордун биринде Либериянын желеги менен жүргөн жарандык жүк ташуучу кемеге сокку урган. Чабуулдан моторчу моряк каза болуп, экипаждын дагы үч мүчөсү жаракат алган. 13 адам эвакуацияланган. Бул тууралуу Украинанын Деңиз порттору администрациясы билдирди.

"Бул - Орусиянын жарандык кемеге багытталган кезектеги соккусу. Орусия тынч мезгилде соода флотуна жана Украинанын деңиз жолдорунда иштеп, күн сайын өмүрүн тобокелге салып жаткан моряктарга коркунуч жаратууну улантууда", — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Zn.ua басылмасынын маалыматына караганда, кемеге камикадзе-дрон менен сокку урулган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Одесса портунда "Украинага аскердик мүлк жеткирген кургак жүк ташуучу типтеги деңиз кемеси" талкаланганын билдирген.

Акыркы бир айда Орусия Кара деңизде чет өлкөлөрдүн желектери астында жүргөн жарандык кемелерге бир нече жолу сокку урганы кабарланды. The Insider басылмасынын эсебине ылайык, кеминде беш моряк каза болгон, алардын экөө кеменин капитандары.

10-сентябрда Орусиянын дрондору Сомалинин желеги астында жүргөн TEDY аттуу жарандык кемесине кол салган. Чабуулдан Азербайжандын эки жараны каза болуп, дагы экөө жаракат алган.

Арадан бир жума өткөндөн кийин Орусия Танзаниянын желеги астында жүргөн жарандык кемеге сокку урган. Андан кеменин капитаны каза болуп, экипаждын үч мүчөсү жаракат алган.

Дагы бир жумадан кийин Антигуа жана Барбуда желеги астындагы коммерциялык жүк ташуучу кемеге чабуул жасалып, анын капитаны, Украинанын жараны, каза болгон.

28-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аскерлери Одесса облусунда Палау желеги астында жүргөн кемеге чабуул жасаганын билдирген.

Украинанын Калыбына келтирүү, инфраструктура жана транспорт министрлиги буга чейин Орусия украин портторуна, порттук инфраструктурага жана жарандык соода кемелерине системалуу түрдө сокку уруп, адамдарга жана Кара деңиздеги эл аралык кеме кыймылына коркунуч жаратып жатканын билдирген. Министрлик эл аралык коомчулуктун тиешелүү реакциясын жана жарандык кеме жүрүшүнүн коопсуздугун күчөтүү боюнча макулдашылган чараларды күтүп жатканын айткан.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG