Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Бишкекте Борбор Азиядагы 1990-жылдарга арналган эл аралык жыйын өтүп жатат

Жыйындын катышуучулары
Жыйындын катышуучулары

Бишкекте 1990-жылдарга арналган эл аралык жыйын өтүп жатат. Аны "Эсимде" аянтчасы уюштурган.

"90-жылдардагы доорду ачуу: посткоммунисттик мейкиндиктеги көз карандысыздыкка ээ болуу процесстери" деп аталган V жыйынга коңшу өлкөлөрдөн дагы бир катар тарыхчылар, илимпоздор, маданият таануучулар катышууда.

"Анда Борбор Азиядагы көз карандысыздык СССРдин урашынан кийинки пассивдүү белек болгонбу? Аймактагы окуяларды Борбор Азиянын изилдөөчүлөрү кандай изилдеген? Чөлкөмдөгү маданий процесстер кандай жүргөн, окуялар кинодо чагылдырылганбы?" деген суроолор талданууда.

Иш-чарада Казакстанда 1980-жылдардын соңунда болгон Желтоксон, 1990-жылдары Кыргызстанда болгон Ош, Өзбекстандагы Анжиян окуяларынын чыгуу себептери, Тажистандагы жарандык согуштун кесепеттери, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ошол жылдардагы саясаты, экономиканын абалы ж.б. темалар тарыхчылардын, коомдук ишмерлердин катышуусунда талкууланууда.

Иш-чаранын үчүнчү күнүндө, 4-октябрда Борбор Азиянын ошол жылдардагы киносу, маданияты тууралуу сөз болот. (ST)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG