Украинанын Тышкы иштер министрлиги айрым Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтери кызматкерлерин Львовго же андан ары Польшанын чыгыш аймактарына көчүрүүгө камынып жатат деген маалымат каражаттарындагы билдирүүлөрдү четке какты.
«Айрым чет элдик басылмалар бул маалыматты кайдан алышканын билбейм. Азыркы учурда Тышкы иштер министрлигине чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн көчүү планы тууралуу эч кандай өтүнүч же билдирүү түшкөн жок. Эгер кайсы бир дипломатиялык миссия башка жакка көчүүнү пландаса, алар бизге сөзсүз маалымдайт. Бул калыптанган жол-жоболордо каралган. Дагы бир жолу кайталап кетейин: жума күндүн кечине карата чет өлкөлүк дипломатиялык корпустан мындай мазмундагы эч кандай кайрылуу же билдирүү болгон жок», – деп билдирди Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Георгий Тихий 2-октябрда.
Батыш өлкөлөрү Орусиянын акыркы күндөрү Киевге чабуулдары күчөгөнүнө байланыштуу өз элчиликтерин Украинанын борборунан Львов шаарына же Польшага убактылуу көчүрүү варианттарын караштырып жатышканын 2-октябрда британиялык The Guardian басылмасы жазган.
Басылманын маектештеринин бири Орусия Киевди негизги инфраструктурасынан ажыратып, шаарды оор абалга кептөөгө аракет кылып, кырдаал тездик менен начарлап жатканын белгилеген.
Ошол эле учурда Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары Киевде калуу ниетин ачык билдирүүдө. Алардын пикиринде, элчиликтердин кетиши Москва үчүн үгүттүк жеңиш болуп, Украинаны Батыш өнөктөштөрү жалгыз калтырды деген таасир жаратышы мүмкүн.
Сентябрь айынан бери Орусиянын күчтөрү Киевге дрон жана ракета менен дээрлик тынымсыз сокку урууда. Украин бийлиги чабуулдардан мектептер, ооруканалар жана маалымат иштетүү борборлору жабыркап жатканын билдирүүдө.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Financial Times басылмасына курган маегинде Кремль жарандык калкты коркутуп, адамдарды шаарлардан кетүүгө мажбурлоо жана өлкөнүн согушту улантуу мүмкүнчүлүгүн алсыратуу үчүн аба соккуларын күчөткөнүн айткан.
Анын белгилешинче, негизги буталар Киев, Харьков жана Одесса шаарлары болууда. Ошондой эле Польша менен чек арага жакын жайгашкан жана маанилүү логистикалык борбор эсептелген Львов шаары да Орусиянын көңүл борборунда экени айтылууда.
Ал арада The New York Times гезити 2-октябрда Украина атайын кызматтары Орусиянын кышында Украинанын ири шаарларын электр энергиясы, жылуулук жана суу менен камсыздоодон ажыратуу планы тууралуу маалымат алганын жазды.
Пландын биринчи этабында Украина Европадан импорттогон электр энергиясы өткөн батыш аймактардагы көмөкчордондорду бутага алуу каралган. Экинчи этапта гидроэлектростанцияларга сокку урулуп, соңунда өлкөнүн энергетика системасынын негизин түзгөн иштеп жаткан үч атомдук электр станциясынын ишин токтотуу көздөлгөн.
Шерине