Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

"Акчаны 10-15 жылдап миграцияда жүрүп топтодук эле". Курулуш компаниясына нааразылар бийликке кайрылды

"Ханстрой" ("Брэнд хаус") компаниясынын ээси Нурлан Эшбаев, курулушу создуккан объектилер жана үлүшчүлөр. Коллаж.
"Ханстрой" ("Брэнд хаус") компаниясынын ээси Нурлан Эшбаев, курулушу создуккан объектилер жана үлүшчүлөр. Коллаж.

Бишкекте 2021-жылдан бери курулушу бүтпөй, акчасын дагы кайтарбай жатканын айтып бир нече киши өлкө жетекчилигине кайрылды. "Ханстрой" же, дагы бир аталышы, "Брэнд Хаус" компаниясы борбор калаада салып жаткан үч турак жай комплекси ар кандай себептер менен курулбай калганын айтууда.

Курулушу 2022-жылы эле бүтөт деп сатылган "Рахат Резиденс" турак жай комплекси азыркыга чейин аягына чыга элек. Акчасын беш жыл мурун берип койгонун айткан кардарлар же үйдөн жок, же акчадан жок, зарыгып күтүү менен келатканына даттанышты.

"Балам Кореяда иштеп жүрүп тапкан акчасы болчу"

Бишкектин Түштүк Магистраль жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан "Рахат Резиденс" комплексинде 100дөн ашык батир каралып, ошол маалда чарчы метри 450 доллардан жогору сатылган.

Беш жылдан бери 56 чарчы метр батирине ээ боло албай келаткан Жылдыз Коңурбаева "Ханстрой" ("Брэнд Хаус") курулуш компаниясынын кеңсесине күн алыс каттап келгени менен майнап чыкпай жатканын айтууда. Бул батирди Түштүк Кореяда иштеп жүрүп анын кенже уулу алган экен:

"Бул баламдын Кореяда иштеп жүрүп тапкан акчасы болчу. Ал элден алып-жутуп алган эмес, адал тапкан акчасы эле. Балам үй алам деп суткасына 16-17 саат мээнет кылган эле. Азыр эми батирлеп жаңы туулган ымыркайы менен көчүп-конуп жашоого аргасыз. Аны көрүп менин жүрөгүм чыдабай жатат. Айлам да, амалым да калбады".

Коңурбаеванын уулу ушу "Рахат Резиденстен" бир бөлмөлүү батир алып, аны эки бөлмөлүү студия кылып, архитекторлордон да уруксат алып койгон кагазын көтөрүп жүргөнүнө беш жылдын жүзү болду. Курулуш компаниясынын ээси 2022-жылы эле ишин жыйынтыктап, элге батирлердин ачкычын тапшырууну убада кылган экен.

Үйү колго тийбей турганына көзү жеткенде кардар 2024-жылы салган акчасын чыгарып алуу тууралуу арыз жазган. Бирок андан да жыйынтык чыга элек.

Жылдыз Коңурбаева
Жылдыз Коңурбаева

"Батир баасынын 80% төлөгөнбүз биз. Бирок бул жакка келсек курулуш иштери токтоп тургандыктан биз да калган каражатты салбай, токтоп калганбыз. Мен булар салып бүтпөйт деп ойлоп, 2024-жылы эки тараптуу келишимди адвокаттын жардамы менен жокко чыгаргам. Алар акчабызды бермек, бирок ошондон бери эртең-бүгүн деп отуруп ушу күнгө жеттик. Акча да жок, үй да жок. Ал тургай компания ээси кепилдик катын жазып берип, "мына, эртең акчаңызды беребиз" дейт, Токмоктон бери келсек жок болуп кетишет".

2021-жылдан бери курулушу бүтпөй турган "Рахат Резиденс" турак жай комплекси.
2021-жылдан бери курулушу бүтпөй турган "Рахат Резиденс" турак жай комплекси.

"Үй алам деп 12 жыл Орусияда иштедим"

Беш жылдан бери мүлкүнө ээ боло албай жүргөндөрдүн айрымдары эки тараптуу келишимди жокко чыгарса, башкалары улам бир укук коргоо органына кайрылып, бирок андан да майнап таба албай келатышкан экен. Үй алгандардын көбү 10-15 жылдап миграцияда жүрүп акча топтогондор.

Жылдыз Мамбетова Орусияда күнүмдүк жумуштарда иштеп, 12 жыл топтогон акчасын "Ханстройго" ("Брэнд Хаус") салган. Үй алдым деп мекенине кайтып келгени менен курулуш бүтпөй, азыр кызы экөө тууган-туушканыныкында күн кечирүүгө аргасыз.

Жылдыз Мамбетова
Жылдыз Мамбетова

"Ушу үйдү 2022-жылы эки тараптуу келишимдин негизинде 100% акчасын төлөп алганбыз. Анда комплекстин курулушу тууралуу аябай жакшы жарнамалар чыккан эле. Эми, мына, беш жыл болуп баратат, эч кандай жыйынтык жок, курулуш жүрбөй атат, айтылган убадалар аткарылган жок. Барбаган жер, какпаган эшигибиз калган жок. Ал тургай арыз жаздык. Парламент депутаты Элвира Сурабалдиевага, президенттин администрациясына чейин арыз жазып кайрылып келатабыз. Ошентсе да бул фирмадан эч кандай жыйынтык көрбөй жатабыз. Кыргызстанда мыйзам барбы? Элдин мүдөөсү аткарылабы? Биз эми кайда барарыбызды билбей калдык".

Курулуш компаниясынын убадалары

"Азаттык" "Рахат Резиденс" турак жайы жайгашкан жерге барганыбызда өзүн "Мурас Каңды Курулуш" компаниясынын ээси Рамиз Токочбаев деп тааныштырган адам тосуп алды. Ал бул объектти төрт ай мурун курулуш жүргүзүүчү ишкана катары кабыл алганын, бир айдан бери иш жүрүп жатканын айтты. Анын белгилешинче, "Г" блоктун курулушу ушу күнгө чейин 80% аяктады.

Бул турак жай комплекси 2027-жылдын экинчи жарымына чейин бүткөрүлөрүн убада кылган Токочбаев "Ханстрой" ("Брэнд Хаус") менен бартер аркылуу курулушту бүтүрүп, өзүнө да мындан батир аларын кошумчалады.

Рамиз Токочбаев
Рамиз Токочбаев

"Мен бул жерде подрядчикмин, жумушту баштаганыма бир гана ай болду. Өзүңөр билгендей, бир айдын ичинде көзгө көрүнөр жыйынтык чыкпайт. Азыр чатырын жаап, аба алмашуу системасын коюп койдук. Калган маселесин эл ким менен кол койсо, ошо аркылуу бүтүрүп алса болот, калганына мен жооп бере албайм. Мен мындагы эки блоктун бирин 2027-жылдын экинчи кварталында бүтүрөм деп ойлоп жатам. Азыр негизгиси - сырткы жумуштарды бүтүрүп, чатыры менен терезелерин жаап алышым керек. Калган иштер кышында деле акырындан жүрө берет. Экинчи блоктун курулушун бир айдын ичинде баштайбыз".

"Ханстрой" ("Брэнд Хаус") курулуш компаниясы Бишкекте салып жаткан дагы бир "Изумруд" деп аталган турак жай комплекси Көк-Жар кичи районуна жакын жайгашкан.

"Изумруд" комплексинин экинчи блогу 2022-жылы пайдубалы куюлган бойдон токтоп турат.
"Изумруд" комплексинин экинчи блогу 2022-жылы пайдубалы куюлган бойдон токтоп турат.

14 кабаттуу үй 2021-жылы башталып, 2024-жылдын экинчи кварталында бүтмөк. Бирок, курулуш жүрбөй, мындан батир алгандар улам бир органга кайрылып келет.

Айнагүл Маташованын кызы да "Изумруд" турак жай комплексинен үч бөлмөлүү батирге деп акча төлөгөн. Алар алгач акчасын турак жай кооперативине берип жүрүп токтогон экен.

Айнагүл Маташова
Айнагүл Маташова

"2022-жылы "Ансар" кооперативи аркылуу келгенбиз. Андагы акчабызды "Ханстройго" ("Брэнд Хаус") которушкан. Жалпы жонунан 3 млн 600 миң акча төгүп бердик. Курулушту бүтүрөт го деп ишеним артып, улам акчасын төлөп келгенбиз. Бирок курулуш такыр жылбай койду. Жай өттү, кыш өттү, суукта дубалдарынан жарака кетет деп алдап келатышып, канча жыл өтүп кетти. Урматтуу президентибизге кайрылабыз, акчабызды кайрып алганга жардам бериңиздер. Себеби курулуш такыр эле токтоп калды".

"Изумруддун" биринчи корпусу 5-кабатка жетип, курулушу токтоп калган.
"Изумруддун" биринчи корпусу 5-кабатка жетип, курулушу токтоп калган.

Акчасын салгандар жыл сайын Курулуш министрлигине арыз жазып, министр Нурдан Орунтаевдин өзүнө да жолугуп, маселенин чоо-жайын айтып бергени менен андан да майнап чыккан эмес.

Инвесторго өткөрүп берүү аракети

"Ханстрой" ("Брэнд хаус") компаниясынын ээси Нурлан Эшбаев менен байланышканыбызда "Рахат Резиденс" комплексин куруу иштери турак жай жайгашкан 50 сотыхтан ашык жер башка курулуш компаниясы менен талашка түшкөндүктөн жылбай жатканын айтты. Ал эми Көк-Жардагы "Изумруд" комплекси каржылык кыйынчылыктардан улам курулбай жатканын билдирди.

Бирок, Эшбаевдин айтымында, батирлери бүтүп, колуна ачкычы тийгенден кийин кардарлар үстүнө акча кошуп бериши керек болот:

Нурлан Эшбаев
Нурлан Эшбаев

"Мен жерди "Эмакомдон" сатып алганым үчүн 2022-жылдан бери жер аресттен чыкпай келатат, такыр бул маселени чече албай келатабыз. Ал эми Көк-Жардагы объект башка компанияга өттү. Биз азыр Курулуш министрлигинен уруксат берүүчү атайын QR кодду күтүп жатабыз. Ал келсе эле ошо Көк-Жардагы объекттин жерин сатып алган инвестор курулушту баштайт. Үй алам дегендер күтүп турат, акчасын чыгарам дегендер акчасын алат. Анын курулушу эки жылдын ичинде аягына чыгарылат. Менде каржылык маселе жаралганын үй алгандардын баарына түшүндүрүп айткам. Үй турган жерди алам деген үч компания келген. Алардын бири менен эл жолугуп, ошол компания жерди сатып алган. Эми алар акчасын алып келип, үйдү бүтүрөт. Комплекстердин курулушу бүтсө, батирлердин баасы көтөрүлөт, ошондуктан буга чейин батир алгандар үстүнө акча кошуп бериши керек болот".

Батир алган үлүшчүлөрдүн арыз-даттанууларынан кийин Нурлан Эшбаев шектүү катары кармалган. Бирок көп узабай эркиндикке чыккан.

Жогоруда Эшбаев айткан “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмилбек Жусупов Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде кармалганы быйыл июнь айында белгилүү болгон. Ал 2024-жылы да Бишкекте алдамчылыкка айыпталып кармалган, иш эмне болуп бүткөнү белгисиз. 2023-жылы Жусуповдун агасы Мелис Жусупов да "Алдамчылыкка" шектелип кармалган.

"Азаттык" жогорудагы маселе боюнча маалымат алуу үчүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен байланышты. Ал Бишкектеги жана өлкөнүн башка аймактарындагы маселе жаралган курулуштар боюнча маалыматты кийин кенен берерин айтып, аталган компаниянын маселесине да токтолорун белгиледи.

Бул министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарында курулушу түрдүү себеп менен токтоп турган 36 объект бар.

Кыргызстанда, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында курулушу башталып, бирок ар кандай себептерден улам жылдап бүтпөй калган көп кабаттуу үйлөрдүн көйгөйү курч бойдон калууда. Мындай объекттерден батир сатып алган жарандар бийликке, укук коргоо органдарына кайрылып, турак жайсыз да, акчасыз да калганын айтып даттанып келишет. Курулуш компанияларынын жетекчилерине карата кылмыш иши козголуп, алар камакка алынганы менен кийин кайра эркиндикке чыккан учурлар да кездешет. Бирок бул көп учурда курулуштун жанданышына же үлүшчүлөрдүн маселесинин чечилишине алып келбей, жүздөгөн адамдардын маселеси чечилер, чечилбеси белгисиз бойдон калууда.

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    "Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG