29-сентябрда өткөн Ош шаардык кеңешинин сессиясында калаанын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго тиешелүү делген шаар аймагындагы жер тилкелери боюнча маселе көтөрүлдү. Анда депутат Бекболот Арзибаев мэриянын Мырзакматов менен жүрүп жаткан соттук териштирүүлөрү кайсы баскычта экенине кызыкты.
Суроого Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жооп берип, эгер талаш жараткан жерлердин ордуна шаар үчүн маанилүү болгон жол, көпүрө же башка социалдык объектилер курулуп, анын пайдасы тийсе, маселени соттон тышкары эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү каралышы ыктымал экенин билдирди.
Бирок Бекболот Арзибаев мэрдин мындай көз карашына макул эмес экенин айтып, талаштуу жерлер боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынышы керек деген позициясын билдирүүдө. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" да айтты:
“Ал 10 миллиарддык же 100 миллиарддык жерди басып алып, кийин кичинекей эле жол салып же кандайдыр бир иш-чара жасап койгону үчүн ошол жерди кайра ага берүү чечими кабыл алынса, бул туура эмес. Менимче, биз көтөрүп жаткан маселеде Ош шаардык мэриясы бекем позицияда турушу керек. Бир сотых жерди да эргулдарга бербеш керек деп эсептейм. Баары мыйзам чегинде элдин жана мамлекеттин балансына өткөрүлүп, андан ары мамлекет иштетиши керек”.
"Азаттык" Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин өзү менен да байланышып, кененирээк комментарий алды. Ал Мелис Мырзакматовго байланышкан жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз жолдор аркылуу өтүп кеткендиги аныкталса, эч кандай сүйлөшүү болбой турганын билдирди. Ошол эле ал учурда шаарда узак жылдан бери чечилбей, соттук териштирүүлөрү 10-15 жылга созулган талаштар көп экенин белгиледи.
Шаар депутаттары алдында сүйлөгөн сөзүндө Акаев мындай маселелерди чечүү тапшырмасын президент Садыр Жапаров да койгонун айткан. Соттук териштирүүлөрдү создуктурбай бүтүрүү үчүн айрым жагдайларда экинчи тарап менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралышы ыктымал экенин да кошумчалаган.
“Эгерде кимдир бирөө гектарлаган жерлерди мыйзамсыз басып алып, эч кандай документи жок ээлеген болсо, алар толугу менен мамлекетке өткөрүлүшү керек. Ал эми бардык документтери мыйзамдуу болуп, көп жылдан бери өзүнүн чындыгын далилдей албай жүргөн адам болсо, ‘мен салык төлөп жатсам, бардык уруксат кагаздарым болсо, бул жерге ишкана ачып, жумуш орундарын түзүп, мамлекетке пайда алып келип жатсам, эмне үчүн тартып аласыңар?’ деген маселени көтөрүшү мүмкүн. Мындай учурда ишкерлерге шарт түзүп берүү жагын да карашыбыз керек. Ар бир жетекчи келип эле чечилбей, улам соттошо берген маселелерге бир күнү чекит коюлушу зарыл. Бул ‘баланча гектар жерди ала бериңиз, мыйзамсыз алган болсоңуз да иштете бериңиз’ дегенди түшүндүрбөйт. Баарын комиссия карайт. Эгер бардык документтери мыйзамдуу болсо, анда тынчтык келишимин түзүү жолубу, же мэрияга кандайдыр бир жардам көрсөтүүбү, же аймакты көрктөндүрүүбү, ошонун баары каралышы мүмкүн. Көп жылдан бери талаш-тартыш жаратып келген маселелерге акыры бир чечим кабыл алынышы керек деген ойду айткам”, - деди Жанарбек Акаев "Азаттыкка".
Ош шаардык мэриясы мурдагы калаа башчы Жеңишбек Токторбаев мэр болуп турган учурда Мелис Мырзакматовго байланышкан бир катар жер тилкелери боюнча сотко кайрылган. Алардын бири Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги Насирдин Исанов көчөсү, №82 дарегинде жайгашкан 2 гектар 60 сотых жер болсо, экинчиси Төлөйкөн аймагындагы 36 гектар жер тилкесине байланыштуу.
Ош мэриясынын соңку маалыматына караганда, бул иштер боюнча Жогорку сот мурда Мырзакматовдун пайдасына чечим чыгарган, бирок кийин жаңы жагдайлар пайда болуп, соттук териштирүү кайра уланууда.
Мелис Мырзакматов Насирдин Исанов көчөсүндөгү 2 гектар 60 сотых жерди Мамлекеттик мүлк фондунун күбөлүгүнүн негизинде сатып алганы маалымдалган. Учурда ал жер Эргешова Каныкей аттуу жарандын атына катталган. Тилке экиге бөлүнүп, биринде Мырзакматовдун иниси үй кура баштаганы айтылган. Бирок курулуш Ак-Буура дарыясынын корук аймагына туура келгендиктен, иштер убактылуу токтотулган. Бул боюнча мэрия административдик жана жарандык сотторго кайрылган.
Ал эми дагы бир соттук териштирүү Төлөйкөн айыл аймагында Мырзакматовдун тууганы Нурлан Мурзакметовго катталган 36 гектар жерге байланыштуу. Жергиликтүү бийлик бул тилке Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде жеке менчикке өтүп кеткенин билдирген.
Мелис Мырзакматовдун жардамчысы ал өзү учурда чет өлкөдө жүргөнүн айтып, маалымат берген жок. Экс-мэр өзү да бул иштер боюнча комментарий бере элек. Анын тарапташтары болсо Мырзакматовго тиешелүү жер тилкелери мыйзамдуу негизде алынганын айтып келишет.
Мындан тышкары, Мырзакматовдун Ак-Буура дарыясынын жээгинде кайын энеси Маликова Шааргүлдүн атына катталган 4 гектар 80 сотых жери бар экени айтылган. Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев буга чейин Мырзакматовго байланыштуу шаар аймагында жалпысынан 43 гектар жер бар экенин билдирген.
Экс-мэрдин жер тилкелери боюнча маселе президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын апрель айында Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусунда да көтөрүлгөн. Анда мамлекет башчысы бул иштерди тууганчылык же башка кызыкчылыктарга карабай кылдат иликтөөнү тапшырган.
Мелис Мырзакматов Ош шаарын 2009-жылдан 2013-жылга чейин жетектеген. 2014-жылы кылмыш иши козголуп, тергөө органдары аны мэр болуп турган маалда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып таккан. Айыптоо Ош шаарындагы Навои көчөсүндө жайгашкан эстакадалык көпүрөнүн курулушундагы коррупциялык иштерге жана мыйзам бузууларга байланыштуу болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, экс-мэрдин мындай аракеттеринен улам мамлекетке 29 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Айып тагылгандан кийин Мырзакматов өлкөдөн чыгып кеткен. Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, эл аралык издөө жарыялаган. 2015-жылы биринчи инстанциядагы сот мурдагы калаа башчысын күнөөлүү деп таап, сыртынан 7 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ош облустук соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.
Кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалаган Мырзакматов 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келген. Бир нече күндөн кийин Жогорку сот ишти кайра кароого жөнөткөн. 2020-жылдын 16-октябрында Ош шаардык соту кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу деген негизде Мелис Мырзакматовду толугу менен актаган. Кийинчерээк Жогорку сот да бул актоо өкүмүн күчүндө калтырган.
Шерине