Өкмөт ал жерде карылар үйү жана балдар үчүн социалдык объект салынарын кабарлаган. Курулуш иштери боюнча президенттин Иш башкармалыгы учкай маалымат таратты.
Короонун сыртынан караганда Аламүдүн суусунун боюндагы жайда эки жерде курулуш жүрүп жатканын көрүүгө болот. Объектилердин бири төртүнчү кабатка чейин көтөрүлүп калган. Анын жогору жагындагы курулуш биринчи кабатта турат.
Куруучулар жумушту короонун ичинен тартууга уруксат берген жок. Ал үчүн президенттин Иш башкармалыгынан уруксат алышыбыз керектигин эскертишти.
Иш башкармалыкка кайрылганыбызда мындай маалымат менен бөлүштү:
“Бул аймакта карылар үйүнүн жана бала бакчанын курулушу жүргүзүлүүдө. Аймак абасы таза, тынч жана кооз жерде жайгашкан. Эки объект тең социалдык жактан муктаждарга арналган жана курулуш аяктагандан кийин ошол багыты боюнча пайдаланылат. Бул социалдык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу буга чейин коомчулукка кабарланган”.
Ошол эле учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул долбоор боюнча маалыматы жок экенин билдирди.
Былтыр сентябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги ал жер толугу менен мамлекетке өткөнүн белгилеп, аймакка курулган социалдык объектиге Ысык-Ата районундагы жана Бишкектеги карылар үйү көчүрүлөрүн билдирген. Буга катар 500 орундуу бала бакча курулуп, ал жерге жакын айылдардын балдары кабыл алынарын маалымдаган.
“Азаттык” агенттикке байланышканда ал объект президенттин Иш башкармалыгына өткөнүн тактады.
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү 2022-жылы Биринчи май райондук сотунун чечими менен конфискацияланып, мамлекеттин менчигине өткөн. Ошол жылы президент Садыр Жапаров бул имарат кары-картаңдар үчүн үй болорун билдирген. Былтыр сентябрда күч органдары Атамбаевдин үйүн бошотуу үчүн барып, үй-бүлөсү каршылык көрсөткөн. Аягында алар короонун сыртына чыгарылып, күч кызматкерлеринин аракетин жана мындай чараны мыйзамсыз деп аташкан жана соттун чечими күчүнө кире электигин жүйө келтиришкен.
Анткени ошол кез экс-президент баш болгон башка айыпталуучулардын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданган учур эле. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 3-июнда “Кой-Таш ишине” байланыштуу Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган.
Октябрь айында экинчи инстанция да райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Алмазбек Атамбаевдин жана анын уулу Кадырбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев "Азаттыкка" буларды билдирди:
“Мамлекет ал жерди 2025-жылы толугу менен өзүнө өткөрүп алып, үй-бүлөсүн сыртка чыгарышкан. Ошондуктан азыр ал жерге мамлекет кожоюндук кылып жатат. Иштин кийин кандай болгонунан кабарым жок”.
Атамбаевдин үйү ал бийликте турган жылдары курула баштаган учурда эле коомчулукта талкууга түшүп, ошол кездеги оппозиция ал жердин макамына байланыштуу маселе көтөргөн.
Аскердик багыттагы “Дастан” заводунун карамагында турган тилке колдон колго өтүп отуруп, аягында Атамбаев ээлик кылып алганы айтылып чыккан. Атамбаев өзү аны Бишкектин ошол кездеги мэри, жакын санаалашы Албек Ибраимовдон кымбат баага сатып алганын айткан.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган.
Анын алдында, 7-8-август күндөрү экс-президентти колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов баштаган 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, 40ы УКМКнын кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.
Мурдагы президент 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.
Шерине