Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

Кен байлыктардан сегиз айда 62 млрд сомдон ашуун киреше түштү

Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

Кыргызстан сегиз айда кен байлыктардан 62,5 млрд сом киреше тапты. Жыл соңуна чейин пайданы 100 млрд сомго жеткирүү пландалууда.

Геология кызматынын Жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башчысы Асхат Сакимбаевдин билдиришинче, кирешенин көбүн ири алтын кендери берген.

Сегиз айда өлкөдө он алты тонна алтын өндүрүлгөн.

Сакимбаев “Биринчи радиого” курган маегинде быйыл Нарын облусунда ишке кирген Солтон-Сары кени 1 млн сом киреше берет деп күтүп жатканын айтты.

Кумтөргө жакын Тоголок кенинде алтын ылгоочу фабрика курулуп бүткөнүн, ал ишке кирсе, алтын казып алуу иштери жүрө турганын кошумчалады.

Анын белгилешинче, кен байлыкка берилген 2 миңге жакын лицензиянын жүздөн ашыгы ири кен байлыктарга таандык.

Жыл башында Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан “Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2025-жылы 1 млрд 434 млн доллар киреше тапкан.

2025-жылы өлкө боюнча 26 тонна алтын өндүрүлгөн болсо, анын 12 тоннадан ашыгы “Кумтөргө” таандык. Ошол эле маалда компаниянын алтын сатуудан тапкан акчалай кирешеси 2025-жылы 44% өскөн.

Быйыл февралдын соңунда “Ынтымак Ордодо” өткөн республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров 2021-жылдан бери кендин кирешеси көбөйүп, өлкө экономикасын алдыга сүрөп жатканын билдирген. Кен мамлекетке өткөндөн берки аралыкта өндүрүштөн түшкөн жалпы киреше 5 млрд 115 млн доллар же 440 млрд сомдон ашканын, бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 176 млн доллар же 100 млрд сомдон ашык акча түшкөнүн айткан. (ST)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG