Орусиянын армиясы 6-октябрда эртең менен Украинанын Запорожье шаарында Днепр дарыясы аркылуу өткөн көпүрөлөрдөн бирине сокку урду.
Бул тууралуу Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Михаил Семикин билдирди.
Анын айтымында, чабуулда беш киши жабыркады, арасында Кызыл чырым уюмунун эки кызматкери да бар. Көпүрө аркылуу кыймыл убактылуу токтотулду. Орус тарап сокку тууралуу комментарий бере элек.
Акыркы күндөрү орус армиясы Украинанын баш калаасы Киевде Днепрден өткөн Түндүк жана Түштүк көпүрөлөрүне бир нече жолу сокку урган. Анын кесепетинен шаардагы транспорт кыймылы үзгүлтүккө учураган.
Киевде Орусиянын соңку чабуулунан окуу жайлардын биринин чатыры күйүп кетти. Өрт өчүрүлгөн, эч ким жабыркаган эмес.
Одессада менчик ишкананын имаратына зыян келтирилип, өрт чыкканын облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер маалымдады.
Мындан тышкары Орусия Кара деңизде Маршалл аралдарынын желеги алдындагы өсүмдүк май тарткан кемеге сокку уруп, бир киши каза тапты, жетөө жараат алды.
Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдардан Одесса облусунда ракеталык-артиллериялык курал-жарак кампасы, Кара деңизде жүк тарткан кеме, Измаил портунун инфраструктурасы талкаланганын билдирди.
6-октябрда эртең менен Орусия Украинанын Кривой Рог шаарында ооруканага сокку урганын Калааны коргоо кеңешинин жетекчиси Александр Вилкул маалымдады. Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа бул чабуулда жабыркагандардын саны төрт кишиге жеткенин кабарлады. Экөө бейтапканада иштегендер.
Жалпысынан Украинанын аба күчтөрү берген маалыматка караганда, шейшембинин түнү Орусия украин жергесине 137 дрон учурду, анын 114ү атып түшүрүлдү.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болбой турат.