Кыргызстандын Улуттук банкы банктарга, микрофинансылык жана төлөм уюмдарына, ошондой эле акча алмаштыруучу жайларга карата финансылык мониторинг талаптарын күчөттү. Тиешелүү токтом 1-октябрда кабыл алынган.
Өзгөртүүлөр негизинен кылмыштуу кирешени легалдаштырууга жана кылмыштуу ишмердикти каржылоого каршы аракеттенүү, валюта алмаштыруу тартиби, ички көзөмөл жана мыйзам бузуулар боюнча иштерди кароо талаптарына тиешелүү.
Акча алмаштыруучу жайлар бир жолку учурда накталай улуттук же чет өлкөлүк валюта алмаштырууда 1 млн сомдон ашык акча алмаштырган кардарды текшерүүгө тийиш. Кардардын тек-жайын толук тактоо, анкета толтуруу жана бенефициардык менчик ээсин текшерүү талап кылынат.
Ал үчүн кардардын документтерин, анын ичинде ID-картаны жана ПИН көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүктү колдонууга уруксат берилет.
Мындан тышкары, акча алмаштыруучу жайлар кардарды жана анын атынан иш алып барган адамды санкциялык тизмеден текшерүүгө милдеттүү. Бул талап акча алмаштыруунун суммасына карабастан бардык кардарларга тиешелүү.
Улуттук банк кардардын чыныгы ээси тууралуу маалыматтарды берүү боюнча да жаңы талаптарды киргизди. Банктар, микрофинансылык жана төлөм уюмдары, ошондой эле акча алмаштыруучу жайлар кардарды текшергенден кийин же мурдагы маалыматтар өзгөргөнү аныкталса, үч жумуш күнүнүн ичинде тиешелүү маалыматтарды Финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүшү керек.
Ошондой эле кылмыштуу кирешени адалдоого жана мыйзамсыз аракеттерди каржылоого каршы иш алып барган жооптуу кызматкерлер Финансылык чалгындоо кызматынын окуу борбору берген сертификатка ээ болушу зарыл. Бул талап банктарга, микрофинансылык жана төлөм уюмдарына, ошондой эле акча алмаштыруучу жайларга тиешелүү.
2026-жылдын июнуна карата Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына 31 кыргызстандык компания илинген. Алардын арасында банктар да бар. Евробиримдик быйыл «Керемет банк» жана «Капитал банкка» байланыштуу жаңы чектөөлөрдү киргизген.
Кыргыз бийлиги өз кезегинде санкциялык тобокелдикке байланыштуу өлкөдө катталган бир катар компаниялардын ишин токтотуп, текшерүүлөрдү күчөткөн.
Быйыл августта Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө байланыштуу тобокелдикти азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты жоюу жараяны башталарын билдирген. Министрликтин маалыматына караганда, бул чечим июнь айынын аягынан бери санкциялык тобокелдиги жогору деп табылган 40ка жакын компанияны текшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган.(ZKo)