2026-жылдын 9 айында республикалык бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго же 103,9% аткарылды. Мамлекеттик салык кызматы 259,8 млрд сом, Мамлекеттик бажы кызматы 139 млрд сом чогултту.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 7-октябрда аппараттык кеңешмеде айтканын “Ынтымак ордо” билдирди.
Өкмөт башчы андан тышкары Кыргызстанга чет элдик түз инвестициялардын агымы быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында 709,9 млн долларды түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 26,2% өскөнүн кошумчалады.
Адылбек Касымалиев Улуттук инвестиция агенттиги чет элдик түз инвестицияларды тартуу боюнча ишти күчөтүшү керектигин айтты. (BTo)
Шерине