Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева 29-сентябрда парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтканы боюнча коомчулукта "такталбаган маалыматтар тарап жатканын" белгиледи.
Депутат бул тууралуу Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жалпы отурумунда атайын сөз алып сүйлөгөн учурда билдирди.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүнө («Зордуктоо») жана 157-беренесине («Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») байланыштуу сунуш берүүсүнө шайлоочулары жана башка жарандардын кайрылуусу негиз болгонун, ошондон улам тармактык комитетке бул сунуш менен кайрылганын кошумчалады.
"Педофилге же кылмыш кылган кылмышкерге пробация берип, жазасын жеңилдетүү жөнүндө сунуштаган эмесмин. Мен аял, эне катары буга бара албайм. Кылмыш кылган кылмышкер тиешелүү жазасын алышы керек. Эми бул сөзүм кандай бурмаланып, кандай адамдар соцтармактарга таратып, ар кайсы блогер, телеканалдарга чейин негизсиз каралоо жүрүп жатканы баарыбызга белгилүү. Бул анык кызыкдар тараптардын жасаган аракети".
Депутат бул топтун артында кимдер туруп, кимдер демөөрчүлүк кылып жатканын аныктоо үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрыларын кошумчалады.
Абдибаева коомчулуктун сынына кабылган билдирүүсүн 29-сентябрда айткан. Анда эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексиндеги сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча жаза айрымдар үчүн катаал болуп жатканын белгилеген. Мындан улам пробациялык жаза чегерүү жагын карап көрүү зарыл экенин сунуштаган. Ошол жыйында укук коргоо органдары жарандардын адеп-ахлактык саламаттыгына, жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштарды алдын алуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маалымат беришкен.
30-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирүү жарыялап, Абдибаева 19-25 жаштагы көптөгөн жарандар куру жалаа менен түрмөдө олтургандыгы тууралуу ата-энелеринен кайрылуулар арбын келип жатканын жүйө келтиргенин белгилеген.
29-сентябрдагы жыйынга катышкан башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева бир эле кыз атайын акча алуу максатында бир нече адамды кылмышка айыпкер кылган деген маалымат тастыкталбаганын белгилеген. Коңкубаева жарандардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине кол салгандарга пробация колдонулбасын эскерткен.
Ошондой эле жашы жете электерге карата мындай мүнөздөгү кылмышка баргандар мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылбасын, жеңил жаза менен кутулуп кетүүсүнө жол берилбесин белгилеп, алардын укугун мамлекет коргоп турарын айткан.
Ал эми Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев буга чейин мекеме ушуга окшош демилгелерге терс корутунду бергенин билдирген.
Жыйынга катышып отурган Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында жашы жете элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталганын билдирген. Алардын 228и сотко жөнөтүлүп, 30у боюнча тергөө уланууда. Бир кылмыш иши кыскартылган.
Комитет жыйынына чакырылган айрым жабырлануучулар жакындары атайын акча үчүн иштеген кыздардын жалган жалаасы менен камалып кетишкенин айтышкан.
Бул отурумдан кийин коомчулукта депутат Абдибаеванын мандатын алуу тууралу демилге көтөрүлүп, кол топтоо башталган. Кыска аралыкта депутаттын мандатын алууну талап кылгандардын саны 30 миңден ашкан.
Айсаракан Абдибаева 2025-жылы бир мандаттуу №15 шайлоо округунан 3 988 добуш менен шайланып келген. (ZKo)
Шерине