Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев түрдүү кылмыштарга шектелип, айыпталып кармалгандардын жакындары депутат катары өзүнө көп кайрылышарын, бирок бул алардын жазасын жеңилдетүү сунушун парламентке алып чыгууга негиз боло албасын белгиледи.
Бекешев бул тууралуу Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы отурумунда, депутат Айсаракан Абдибаеванын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүнө («Зордуктоо») жана 157-беренесине («Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») байланыштуу пробация киргизүүнү карап көрүү сунушу боюнча пикирин билдирип жатып айтты.
"Бул маселе боюнча мага да кайрылып, жоопкерчиликти жеңилдетүүнү сурагандар болгон. Ооба, биз өз пикирибизди айтууга укуктуубуз. Бирок бизде акыйкатчы бар, бул маселени иликтөөнү ага тапшыра алабыз. Прокуратурага да анализ жүргүзүүсүн талап кылып, тапшыра алабыз. Бирок биз бул укугубузду колдонбой, ушул жерде (парламент трибунасынан) айтып жатабыз. Келгиле, ушул институттарды пайдаланалы. Ооба, атайылап тузакка түшүрүлгөн учурлар болот. Бирок бул жоопкерчиликти жеңилдетүү керек дегенди билдирбейт. Айрыкча жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар боюнча. Ар бир эркек өз жыныстык мүчөсүнүн ээси болушу керек. “Жашын билген эмесмин, паспортун көргөн эмесмин. Эмнеге сурашым керек эле?” дегени - шылтоо. Мындай болбошу керек. Биз айбан эмеспиз да, ким болсо барып жабыша бергендей. Адам болсоң, ойлонушуң керек", - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева коомчулуктун сынына кабылган билдирүүсүн 29-сентябрда айткан. Анда эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексиндеги сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча жаза айрымдар үчүн катаал болуп жатканын белгилеген. Мындан улам пробациялык жаза чегерүү жагын карап көрүү зарыл экенин сунуштаган. Ошол жыйында укук коргоо органдары жарандардын адеп-ахлактык саламаттыгына, жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштарды алдын алуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маалымат беришкен.
30-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирүү жарыялап, Абдибаева 19-25 жаштагы көптөгөн жарандар куру жалаа менен түрмөдө олтургандыгы тууралуу ата-энелеринен кайрылуулар арбын келип жатканын жүйө келтиргенин белгилеген.
29-сентябрдагы жыйынга катышкан башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева бир эле кыз атайын акча алуу максатында бир нече адамды кылмышка айыпкер кылган деген маалымат тастыкталбаганын белгилеген. Коңкубаева жарандардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине кол салгандарга пробация колдонулбасын эскерткен. Ошондой эле жашы жете электерге карата мындай мүнөздөгү кылмышка баргандар мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылбасын, жеңил жаза менен кутулуп кетүүсүнө жол берилбесин белгилеп, алардын укугун мамлекет коргоп турарын айткан.
Ал эми Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев буга чейин мекеме ушуга окшош демилгелерге терс корутунду бергенин билдирген.
Жыйынга катышып отурган Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында жашы жете элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталганын билдирген. Алардын 228и сотко жөнөтүлүп, 30у боюнча тергөө уланууда. Бир кылмыш иши кыскартылган.
Комитет жыйынына чакырылган айрым жабырлануучулар жакындары атайын акча үчүн иштеген кыздардын жалган жалаасы менен камалып кетишкенин айтышкан.
Бул отурумдан кийин коомчулукта депутат Абдибаеванын мандатын алуу тууралу демилге көтөрүлүп, кол топтоо башталган. Кыска аралыкта депутаттын мандатын алууну талап кылгандардын саны 30 миңден ашкан.
Айсаракан Абдибаева 2025-жылы бир мандаттуу №15 шайлоо округунан 3 988 добуш менен шайланып келген. (ZKo)
Шерине