Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Нарын шаары менен Кочкор районунда 433 ипотекалык батир берилди

Нарын шаарында ишке берилген турак жай.
Нарын шаарында ишке берилген турак жай.

7-октябрда Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу Нарын шаарында 216 жана Кочкор районунда 217 батирлүү турак жай комплекси пайдаланууга берилди.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, 2026-жылдын аягына чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулушу аяктай турганын айтты.

"Аймакка кадр жетишсиздиги бар экени баарыбызга маалым. Мындан улам тажрыйбалуу медициналык жана башка кадрларды тартуу максатында Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 20 батир, Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине дагы 20 кызматтык батир бөлүүнү туура көрдүм", - деди президент.

Андан тышкары жакында эле Жумгал районунун Чаек айылында сегиз блоктон турган, алты кабаттуу, 240 батирлүү турак жайдын курулушу башталганын билдирди. Президенттин сөзү боюнча, Кыргызстанда 150-200 миңге жакын үй-бүлө үйгө муктаж. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG