Риэлторлордун кыянаттыгына жылына 1300дөй адам даттанары айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Риэлторлордун кыянаттыгынан зыян тартканын айтып жыл сайын 1300дөй адам укук коргоо органдарына даттанат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова 7-октябрда парламентте билдирди.

Жалпы эсеп менен, анын айтымында, риэлторлордон карапайым сатып алуучуларга келтирилген зыян 1 млрд сомдун айланасында болгон. Ушундан улам ал риэлторлук менен алектенгендерди окутуп, сертификат берип, каттоого алуу зарылчылыгы келип чыгып жатканын парламенттин октябрдагы отурумунда билдирди.

"Даттануулардын басымдуу бөлүгү алдамчылыкка байланыштуу - риэлтор үй сатат. Ал эми үй камакта же сотто каралып жаткан иштерге аралашкан болушу мүмкүн. Айрым учурларда бир эле үйдү эки же андан көп адамга сатып жиберген болуп чыгат".

Нурланованын маалыматына караганда, турак жайды жарнамалоого блогерлерге да тыюу салынат. Сертификаты жок, каттоодон өтпөй туруп жарнамалаган жеке жактарга миң сом, компанияларга 5 миң сом айып пул салынат.

Депутат Болот Ибрагимов бүгүнкү күнү ар бир интернет колдонуучу турак жай жарнамалоочу болуп каларын айтып, аларды аныктоо оор экенин, мыйзам бир кылка иштебей каларын эскертти.

Беназир Нурланованын маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 3200дөй риэлтор бар, алардын ичинен 200дөйү гана окуп, сертификат алган. Министрдин орун басары маалымдагандай, мыйзамдагы чектөөлөр риэлтордун үстөк акысын чектебейт жана кийлигишпейт.

Жогорку Кеңеш 7-октябрдагы жыйынында Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Риелтордук иш жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун 1-окуудан карап, кабыл алды.(ZKo)

Дагы караңыз

"Асман эйрдин" авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5,8 млрд сомдон ашуун каражат бөлүндүЖК кийинки аптада кымбатчылык, Бишкектеги ыш маселесин талкуулайтБыйыл 9 айда бюджеттин кирешеси 608 млрд сомду түздү