Орусиянын Wildberries & Russ компаниясы Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги менен ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу боюнча келишим түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматына таянып Spot басылмасы билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, келишимге 6-октябрда Ферганада өткөн Орусия менен Өзбекстандын Аймактар кеңешинин үчүнчү жыйынында кол коюлган. Документте Ташкент облусунун Зангиата районунда аянты 67,3 гектарды түзгөн заманбап көп тармактуу логистикалык комплекс куруу каралган.
Маалыматка ылайык, учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин октябрдын аягында баштоо күтүлүүдө.
Wildberries объектини өз мөөнөтүндө пайдаланууга берүү жана жумушчуларды тарту боюнча милдеттенмелерди өзүнө алды. Маркетплейс комплексте кеминде 7500 жумуш ордун түзүүнү пландап жатат. Мындан тышкары дагы кеминде 2000 адам атайын билим берүү программалары боюнча даярдыктан өтөт.
Буга чейин "Азаттык Азия" Өзбекстандын башкы почта оператору UzPost компаниясынын жетекчилигине Wildberries компаниясынын беш өкүлү киргенин кабарлаган. Өзбекстандын Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги улуттук почта оператору UzPost компаниясын Орусиянын Wildberries компаниясы менчиктештирет деген кепти расмий төгүндөгөн.
Июнь айында Орусиядагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына жапырт чабуулдар баштала электе эле, Wildberries & Russ компаниясынын башкы директору Роберт Мирзоян Өзбекстандын аймагында Борбор Азия логистикалык хабын түзүү тууралуу билдирген. Бул долбоорго 300 миллион доллардан ашык инвестиция салынары айтылган. Маалыматка ылайык, хаб Ташкент облусундагы иргөөө борборун жана аянты болжол менен 170 миң чарчы метрлик курулуп жаткан кампа комплексин, ошондой эле башка өлкөлөрдөгү инфраструктураны бириктирет.
Быйыл жайында логистикалык комплекстерине дрондордун жапырт чабуулдардан кийин маркетплейс товарларынын бир бөлүгүн Өзбекстандагы кампаларга көчүрө баштаган.
Ушул жылдын август айында Wildberries & Russ Казакстанда жалпы аянты 260 миң чарчы метрден ашкан эки ири логистикалык комплекс куруп жатканы белгилүү болгон. Аларды 2027-жылдын биринчи чейрегинде пайдаланууга берүү пландалууда.