Орусияга иштегени барып, армиянын катарына тартылган казакстандык жарандардын ата-энелери, жакындары 7-октябрда Астанада Тышкы иштер министрлигине барышты. Он чакты киши министрликте бир сааттай болушуп, балдарын мекенине кайтарууга жардам берүүнү суранышты.
Аларды тиштер министринин орун басары Арман Исетов кабыл алган.
Армияга тартылган казакстандыктардын жакындарын коштоп барган адвокат Меирман Шекеевдин айтымында, министрлик ата-энелердин кайрылуулары боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдаган.
"Биз Тышкы иштер министрлигине, Казакстандын Орусиядагы элчилигине, Улуттук коопсуздук комитетине, Башкы прокуратурага жана президенттин администрациясына кайрылууларды жөнөттүк. Тышкы иштер министрлиги ишке киришти. Башында менде сегиз казакстандык тууралуу маалымат бар эле. Кийин башка ата-энелер да кайрыла баштады. Азыр Луганскидеги согушта 21 казакстандык жүрөт. Алардын бир нечеси менен байланышып турам", - деди Шекеев журналисттерге.
Армияга тартылгандардын жакындары мамлекеттик органдардан казакстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча ишти тездетүүнү суранып жатышат.
Ата-энелер балдарын алдап, күзөт агенттигине жумушка чакырышканын, кийин кол коюлган документтердин арасында аскердик келишим да болгонун айтышууда. Алардын сөзүнө караганда, жаштар Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн аймагына жөнөтүлгөн..
Тышкы иштер министрлигинде полиция кызматкерлери журналисттерге мекеменин имаратын сыртынан да, ичинен да видеого тартууга уруксат беришкен эмес. Алар муну кайтаруудагы объект деп түшүндүрүшкөн.
2-октябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, жарандарды согуш жүрүп жаткан аймактарда жүргөн жакындары тууралуу маалымат берүүгө чакырган. Мекеме "дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү согуш аймактарынан мекендештерди кайтаруу боюнча тажрыйбага ээ экенин" белгилеген.
Адвокат Шекеевдин айтымында, министрликтин бул билдирүүсү жарыялангандан төрт күн өткөндөн кийин деле Орусия согушка азгырган жаштар бийликтин аларды кайтаруу аракети байкалбай жатканын билдиришкен.
ТИМ буга чейин казакстандыктарды, анын ичинде "Азаттык" буга чейин жазган Мирас Ташаргановду мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Орусияга нота жөнөткөнүн билдирген. Ташарганов Орусияга иштегени барган соң үй-бүлөсүнө өзүн аскердик келишимге кол коюуга мажбурлашканын кабарлаган.
Орусиянын тарабында Украинадагы согушка катышып жаткан Казакстандын жарандарынын так саны белгисиз. Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоорунун маалыматына караганда, кеминде 2389 казакстандык Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн. Долбоордун эсебинде, Орусиянын тарабында Борбор Азия өлкөлөрүнүн болжол менен 13 миң жараны согушка тартылган болушу мүмкүн. Анын ичинде Кыргызстандын жарандары да көп.