Мадридде батиринен мажбурлап чыгарылган аял каза болду

Батиринен мажбурлап чыгарылган аял. Мадрид, Испания. 23-сентябрь, 2026-жыл.

Мадриддеги үйүнөн мажбурлап чыгарылышы Испанияда жапырт нааразылык акцияларына себеп болгон Марикармен Абаскал 87 жашында каза болду. Бул тууралуу El Mundo басылмасы Мадриддеги Ижарачылар союзунун маалыматына таянып жазды.

Абаскал сентябрда үйүнөн чыгарылгандан бери ооруканада жаткан. Ижарачылар союзу «ага үйүнө кайтууга мүмкүндүк бере турган тарыхый келишимге жетишилгенине карабастан, чечим өтө кеч кабыл алынганын» билдирди.

23-сентябрда Абаскаль 70 жылдан ашык убакыт жашаган батиринен соттун чечиминин негизинде мажбурлап чыгарылган. Батирди Urbagestión инвестициялык фонду сатып алып, ижара акысын 500 евродон 2650 еврого чейин көтөргөн. Натыйжада Абаскальдын ижара карызы көбөйүп, сот аны батирден чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Аялды үйдөн замбил менен алып чыгып, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткиришкен.

Бул окуядан кийин Испанияда аны колдоп, жапырт нааразылык акциялары башталган. Митингчилер турак жай тартыштыгынан улам күчөп жаткан кризистм чечүү чараларын көрүүнү да талап кылышкан.

28-сентябрда Абаскальдын өкүлдөрү Urbagestión менен келишим түзүшкөн. Ага ылайык, аялга сегиз жылдык ижара келишими сунушталган, айлык төлөм анын пенсиясынын 30 пайызына барабар, болжол менен 410 евро болмок.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Абаскальдын каза болгону тууралуу кабардан кийин миңдеген адамдар Мадриддеги Пуэрта-дель-Соль аянтынан парламенттин имаратына чейин жүрүш жасады. Алар «Бул өлүм эмес. Бул - адамды өлтүрүү!» деп кыйкырышкан.


Испаниядагы нааразылык акциялары 2-октябрда парламент өкмөт сунуштаган турак жай кризисине каршы мыйзам долбоорун четке каккандан кийин да уланган.

Долбоор турак жайга жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган бир катар чараларды камтыган. Алардын арасында турак жай маселесинде өзгөчө аялуу ижарачыларды 2030-жылга чейин үйдөн чыгарууга тыюу салуу, кыска мөөнөттүү ижараны тескөө жана турак жайды бөлмөгө бөлүп ижарага берүүгө чейинки чаралар болгон.

5-октябрда Испаниянын премьер-министри Педро Санчес парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 29-ноябрда өтөрүн жарыялап, өз өкмөтү «катачылыктарга жол бергенин жана көздөгөн иштерин аткара албаганын» билдирген.

Дагы караңыз

Орусияда Политковская эскерилди, ЖМКнын эркиндиги үчүн коалиция Кремлге кайрылды Wildberries Өзбекстанда ири логистикалык хаб курууну пландап жатат Казакстан Украинада согушка тартылган жарандары боюнча Орусия менен сүйлөшүүдөВера Политковская: Апамдын айткандары чын экени далилдендиОрусияда үч кыргыз жараны адам уурдоого байланыштуу кармалды