Бажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери алмашты

Данияр Сатимов, Улан Кимсанов, Абдикарим Алимбаев жана Алмаз Салиев (солдон оңго, коллаж)

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу 9-октябрда президенттик администрация маалымдады.

52 жаштагы Салиев Бажы кызматын былтыркы февралдан бери башкарып келген. Ага чейин ушул эле мекеменин төрагасынын орун басары болгон.

Маалыматка караганда, Салиевдин ордуна Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенип келген 55 жаштагы Улан Кимсанов дайындалды.

Кимсанов «Манас» жана Түштүк-Батыш бажыларын жетектеген. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигине быйыл 10-февралда келген Абдикарим Алимбаевдин ордуна Данияр Сатимов дайындалды.

57 жаштагы Сатимов Коргоо министрлигинде жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2017-жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бул кызматты кайра дайындоолор менен азыркыга чейин аркалап келген.

Дагы караңыз

ЕККУ: Журналисттердин сот иши ачык-айкын каралышы керек УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары жана экс-министр кармалганы кабарландыТемирлан Султанбеков: Оппозициянын жолу, Атамбаевдин мурасы