АКШнын Мамлекеттик департаменти Иранды адам сатууга каршы күрөш жагынан эң төмөнкү категорияга кошту. Вашингтон мындай чечимин Тегерандын балдарды аскердик жана коопсуздукту камсыздоо иштерине тартканы тууралуу маалыматтарга негиздөөдө.
Мамдепартаменттин баасында Иран адам сатууга каршы күрөштүн минималдуу талаптарын толук аткарбай жатканы жана бул багытта жетиштүү аракет көрбөгөнү белгиленди.
АКШнын мурдагы баяндамаларында Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу, "Басиж" түзүмү жана Иран колдогон куралдуу топтор аскердик максатта аялуу катмардагы адамдарды, анын ичинде ооганстандык мигранттар менен качкындарды пайдаланганы айтылган.
Март айында Human Rights Watch (HRW) уюму Сакчылар корпусунун 12 жаштан баштап балдарды "мекенди коргоо" иш-чараларына ыктыярчы катары тартуу өнөктүгүн сынга алган. Аларга тамак даярдоо, медициналык жардам көрсөтүү, көзөмөл бекеттеринде иштөө, чалгындоо жана кайгуул иштерине катышуу сыяктуу милдеттер сунушталганы кабарланган.
Уюм балдарды мындай иштерге тартуу алардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратарын эскерткен. Ошондой эле Ирандагы нааразылык акцияларын күч менен басуу учурунда коопсуздук түзүмдөрүнүн арасында өспүрүмдөр болушу мүмкүн деген маалыматтар да тынчсыздануу жараткан.
Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутуна ылайык, 15 жашка чейинки балдарды куралдуу күчтөргө же куралдуу топторго тартуу жана аларды согушка катыштыруу айрым учурларда согуш кылмышы катары бааланат.
Иран бийлиги азырынча АКШнын бул чечимине расмий жооп бере элек.