Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасында демаркация иштери бүткөнүн билдирди

Кыргыз-тажик чек арасы. Инженердик тосуу иштери. Архив.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы демаркация иштери аяктаганын 11-октябрда Баткенге иш сапары маалында жергиликтүү тургундар менен жолукканда билдирди. Ал алдыда чечиле турган айрым көйгөйлөр калганын белгиледи.

"Алардын катарына чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөргө, чек ара тосмолорун орнотуу учурунда бузулган объектилер үчүн кенемте берүү, ошондой эле чек араны тактоо процессинде коңшу мамлекет өткөрүп берген үйлөрдү бөлүштүрүү маселелери кирет. Бул маселелер Министрлер Кабинетинин төрагасы жетектеген комиссиянын кароосуна берилет", - деди Жапаров.

Мамлекет башчы ар бир тармак боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, алдыда ишке ашырыла турган долбоорлорду санады. Алардын ичинде медициналык жайларды куруу, мектептерди салуу, сугат, таза суу менен камсыздоо жана башка иштер айтылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт.

2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан кийин Биргелешкен кыргыз-тажик демаркациялык комиссиясынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынан демаркация боюнча жумушчу топтор түзүлүп, алар демаркациялык чаралардын комплексин ишке ашырууга киришкен.

Дагы караңыз

Эр-Риядда аэропортко урулган соккуда каза тапкандар 12ге жетти Пара алууга шек саналып кармалган эки чекист бир айга камалдыБыйыл Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 миллиард сом бөлүндүТрамп Украинада "жаңы президент шайланышы керектигин" билдирди