Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова бейтааныш кишилер үйүнүн босогосуна келип, эшигин жашыруун сүрөткө тартып кеткенине байланыштуу милицияга арыз жазды. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирип, видеокөзөмөлгө түшүп калган адамдын бири Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери болушу ыктымалдыгын билдирди.
"Мен видеону соцтармактарга жайылткандан кийин бир топ адам таанып, анын бирөө УКМКнын кызматкери экенин айтышты. Ал маалыматты алгандан кийин көп нерсе түшүнүктүү болуп калды. Тажрыйбалуу батир уурулар камера турган жерге келбейт же алар кийин байкаштыбы, айтор аракеттери кызыктай болду. Алар эшиктеги ачкыч кире турган эки уяны тартып кетишти. Болот Темировдун (иликтөөчү журналист - ред.) уктоочу бөлмөсүнө камера коюп, үйүндөгү сүйлөшүүлөрдү жайылтышкан эмес беле. Булар дагы ошондой максатты көздөгөнбү деген божомол бар. 9-октябрда болгон окуя боюнча Биринчи май райондук милициясына арыз бердик. Эгер тактап, УКМК кызматкери экенин тастыктаса андан ары дагы Аскер прокуратурасына, сотко кайрылам. Алар эмнеге менин үйүмө байкоо жүргүзүп жатканын мага билдириши керек".
Юрист буга чейинки маектеринде "шайлоого барсам болот эле деп айткандарын" белгилеп, муну алдыда боло турган президенттик шайлоого байланыштырды.
Буга чейин Клара Сооронкулова өзү жашаган үйгө белгисиз адамдар келип, байкоо салып кеткенин Фейсбук баракчасына жазган. Ал видеокөзөмөлгө түшүп калган тасманы социалдык тармакка жарыялаган.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январга белгиленген. Шайлоого талапкер көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча арыздарды кабыл алуу добуш берүүгө 75 күн калганда 13-ноябрда токтойт. Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт.
Алдыдагы өнөктүккө талапкер болуп катышарын азыркы президент Садыр Жапаров алгачкы болуп айтып чыккан. Шайлоого өз талапкер болуу ниетин буга чейин мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев, жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеев билдирди.
Азырынча Клара Сооронкулова шайлоого талапкер болуу ниетин расмий билдире элек. Ал бир нече саясатчы, активисттердин катарында "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып, алгач райондук, кийин Бишкек шаардык сотунда акталган. (КЕ/KbA)
Сооронкулова белгисиз адамдар эшигин сүрөткө тартып кеткен окуя боюнча милицияга арыз жазды
Клара Сооронкулова