Дрон чабуулунан зыян тарткан "Яндекстин" маалымат борборлорун калыбына келтирүү бир нече айга созулушу мүмкүн. IT-рыногунун өкүлдөрүнүн айтымында, алмаштыруучу жабдууларды жеткирүү убактысы алты айга созулат. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы кабарлады.
8-11-октябрь аралыгында дрондор компаниянын Владимир, Рязан жана Калуга облустарындагы үч маалымат борборуна чабуул койгон. Алардын экөө ишин толугу менен токтотсо, үчүнчүсү жарым-жартылай иштен чыккан.
"Яндекс" компаниясынын башка өлкөлөрдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы такси жана жеткирүү кызматтары үзгүлтүккө учурап жатат. Социалдык тармактардын колдонуучулары тиркеме аркылуу такси чакыра албай жатканын жазышты.
Компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мындай жагдай боюнча түшүндүрмө бере элек.
Мындай үзгүлтүк Орусиядан сырткары "Яндекс" иштеген Казакстан, Армения, Өзбекстан, Грузия жана Сербияда да байкалып жатканы жазылды.
Экинчи чабуулдан кийин компания колдонуучулар менен болгон келишимге форс-мажордук пунктту кошуп, дрондордун соккусу сыяктуу окуялар үчүн жоопкерчиликтен бошотулду.
Орусиядагы маалымат борборлорунун башка операторлору да дрондордон коргонуу системаларын сатып ала башташты. "Коммерсант" басылмасына маек берген эксперттер инфраструктураны калыбына келтирүү жана коопсуздукту күчөтүү чараларына кеткен чыгымдар булут (Cloud) кызматтарынын баасын жогорулатышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.